Баатыр Манас кеп айтат:
Мажилиске жыйылдың,
Баарың уккун деп айтат.
Атамдан калган жер үчүн
Аттанганы турамын.
Акылмандын баарынан
Бабаңардын жоругун
Баштан аяк сурадым.
Атамдан калган жер экен,
Намысты кыргыз санайбы,
Ынтызар болдум алууга
Испара менен Алайды.
Алдырып коюп кытайга,
Намысың жоктон жүрүпсүң.
Чапкан балта өтөбү
Чакырлоонун ташына.
Нелер келип, не кетпейт
Эр жигиттин башына.
Бабамдан калган жер үчүн
Башым ооду, калайык,
Ойлонуп көргүн калкым сен,
Көрүп келдиң көбүңөр,
Көөнүңө салдым Манас мен.
Туулмак бар, өлмөк бар,
Алда берген аманат
Ажал келсе бермек бар.
Аттангандан тартынба,
Айтууга калсын артыңа.
Көптүгүнө ишенген
Көңкү кытай капырды
Көрүп турсуң көз менен,
Аягың чыгар кишенден!
Арбынмын деп ишенген
Арбак урган капырга
Санын бириң өлтүрүп
Зарыкпай аяк чечиңер,
Саныңды чыгар кишенден!
Оолугуп турам бу күндө
Орчун Кокон, Анжиян,
Ушу жакка барганы,
Кызыл чоктуу кытайдын
Кетирмек үчүн айласын,
Кыргыздын издеп пайдасын,
Жүр-жүргө алып көчүрүп
Жүдөтпөсүн майдасын,
Ата уулулар, малдуулар
Алайды барып жайласын.
Башы Жылдыз, Каркыра,
Байкаган жетер баркыма.
Баш тартпагын өлүмдөн
Бабаңдын кылган наркына.