МАНАС БАШТАГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КӨЧКӨНҮ
Дөрбөндөрдүн Төртайы—
Төп сүйлөгөн сөз жайы,
Төлгөчү кара Төлөгү —
Төгүн эмес өнөрү,
Агыдай далы көрүүчү —
Акыр заман оодарып
Ашкере айтып берүүчү,
Топтун башы Токотай,
Эл билгиси Элеман.
Калк башчысы Калкаман,
Сырттан Сыргак, Сереги —
Сырттан Манас баатырга
Кысылса тийген кереги.
Кош башкарган Ыбышы —
Козголбойт ар кез кылышы.
Алымдын уулу Алакен,
Манжурия калмактан
Манжуусуна бек койгон
Баатыр Мажик бар экен.
Караңгыда кол жүрсө,
Казатка ыраак жол жүрсө
Карсактын изин жаңылбас
Кадыр жайнак Шууту —
Калктан чыккан куусу.
Түн ичинде кол жүрсө,
Түмөн кыргыз жол жүрсө,
Түлкүнүн изин жаңылбас
Түмөн жайнак Шууту —
Түмөндөн чыккан куусу.
Казактардан Жоорунчу —
Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу.
Шыңгынын уулу Кербени,
Шыпты кашка Дөрбөнү,
Бөрү жолдуу Бөгөлү,
Ыраман уулу ыктуусу,
Эр Тазбаймат мыктуусу —
Казат десе камданып
Каршы жоого чыкчуусу.
Көй баатырдын баарысын
Көрүңүз жыйып алышын.
Акбалтанын Чубагы —
Арстандын бири бу дагы,
Айкөл Манас баатырдын
Иш кылуучу убагы.
Кырктын башы Кыргылы —
Кылымды жеңген дыңгылы
Кашына келди жыйылып,
Кадыр алда колдо деп
Бир кудайга сыйынып.
Набаттардын Калдары,
Мажилиске * жыйылган
Атпай кыргыз балдары.

