Азыр турган кара журт
Айтыңар жооп мунума,
Акылыма бул келди
Азиреттин кара тоо
Ага дүкөн курууга.
Калганың калгын буякка,
Тарбагатай, Ара-Тоо,
Эдил суунун боюна,
Элди баштап барууга
Не жумуш түштү оюма.
Көчүүгө калды көңүлүм,
Көрүп турсуң баарыңар
Кусарыш менен Көбүлүн,
Күн чыгыш жагың Шиберди,
Көрбөгөн жерге баргын деп
Зордобосмун силерди.
Алтайда ата жериңер,
Анжыянга барууга
Бизге уруксат бериңер!
Калганыңар калыңар,
Каалаганың барыңар,
Катаган, дөөлөс, набаттан
Калың кыргыз баары бар,
Окчу менен думара,
Найман, шаңгай дагы бар.
Калганым калса Алтайда,
Кармашар болсом кытайга
Калкыма кийин чоң пайда.
Атаңар өскөн Алайда,
Анжыяндын боорунда
Ар уруу кыргыз далай бар,
Алооке кандын өзүндө
Алтындан салган сарай бар.
Жакканың айткын — жакты деп,
Араң турган журт бардыр
Алтайдан бизди какты — деп.
Көчпөдүң деп кордобойм,
Көпчүлүгүң өзүң бил,
Көч деп сени зордобойм.
Калганың мында калыңар,
Караң түгүл, каныңар,
Каалаганың барыңар.
Азыр мында олтурсуң
Аз болгондо бу топто
Алты жүздөй карыя,
Жакканы болсо —жакты деп
Жакпаганы — жакпайт — деп
Айтыңарчы жарыя!
Алтайдын жери жерге чет,
Ант урган кытай барында
Ар канча десең жоого бет.