Кыз алып келген эли жок,
Кызыгышы эби жок.
Кыргызга кыйын болот го
Кызматы жеткен эли жок.
Бул сөздү айтып салышып,
Муңайбай күлүп калышып,
Көчмөкчү болду көпчүлүк,
Көңүлгө түштү көп түлүк.
Эл келгени эп болду,
Эртеден кечке кеп болду.
Баштын көркү чач болду,
Баш-аламан сөз сүйлөп
Баары жаман ач болду.
Эми сөздү коюңар,
Эт, кымызга тоюңар.
Сойдурган экен шол күнү
Сегиз жүз кой, сексен бээ,
Жай олтуруп тамак же.
Ак сакалдын баарына
Жал менен жая тарттырып,
Ал күнү антип жаткырып,
Эртең менен нанүштө
Ар түрлүү даам таттырып,
Ата уулуга бир тондон
Аземдүү тондон жаптырып.
Айыл башы, ак сакал,
Топ башынын баарына
Жоргодон тандап миндирди,
Жоо бөрүсү эр Манас
Жоомарттыгын билдирди.
Ак сакалдар ат минди,
Арстандыгы билинди.
Ажыраш аяк деген сөз
Атпай журттун мойнуна
Куржун сындуу илинди.
Той тарады, эл кетти.
Ошондо Манас канетти?
Аземин элден арттырды,
Алтын ооз кернейди
Арылдата тарттырды,
Алтын доол кактырды,
Алты кежим абайы
Аргымакка жаптырды,
Алты жүз экен атаны,
Ак ордо үйүн арттырды.
Коколору көнөктөй
Коңгуроолуу кара нар,
Колго көчү барабар,
Козголгондо төрөңдүн
Салтанатын караңар!