МАНАС БАШТАГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КӨЧКӨНҮ
Атамдан калган Анжиян
Акыры издеп табам ден.
Алда таала буюрса
Алоокени чабам деп
Арстан Манас баатыры
Айбатын салып акыры,
Астыңкы ээрди албайып,
Үстүңкү ээрди далбайып,
Ал муруту сеңирдей,
Айбаты албарс темирдей,
Муруну тоонун кырдачтай
Муруту чөлдүн камыштай,
Көзү көлдүн буткулдай,
Каарданып караса,
Көрүнгөндү жуткундай.
Ар мүнөзүн караса
Ажыдаар болсо туткундай.
Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Жерлигинен түткөндөй!
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй,
Абадагы булуттун
Салкынынан бүткөндөй,
Асмандагы ай-күндүн
Жаркынынан бүткөндөй.
Көркү — калча, көзү тик,
Көбүнө айтса сөзү тик,
Жолборс жүрөк, таш билек,
Жооруну калың, жар кабак,
Жоругуна карап бак.
Аңдагын мунун кылышын:
Атасы Жакып болсо да
Мойнуна койсо кылмышын
Кайсаса канын төгүүчү,
Жаны калбай аянып
Жатпай чыкты үч түнү
Жалаң кылыч таянып.
Чыканак жерге салбады,
Чырым уйку албады,
Сырын билген чоролор
Коркуп жаны калбады.

