Тилимди билген журт болсо
Тилим менен келсин деп,
Тил билбеген журт болсо
Тилмечи жооп берсин деп,
Өзүмдү билген журт болсо
Өзүмдү билип келсин деп,
Өзүмдү билбей калгандар
Өкүмөттүү Манас деп
Сөзүмдү билип келсин деп
Кабар салды калкына,
Калың кыргыз жалпыга.
Бир жумадан бир жума
Элин жыйып жупжуда.
Атасы Жакып кары бар,
Акылмандын баары бар,
Акбалта, Ошпур дагы бар,
Бердике менен Дамбылда,
Берендердин баары бар.
Байжигит баатыр дагы бар,
Айдаркан, Үмөт ал да бар,
Айдаркан уулу эр Көкчө,
Баары келген чагы бар.
Үмөт уулу Жайсаң бар,
Өлүмдөн коркпос көп жандар,
Пилдин жүгүн кийгендер,
Бири миңге тийгендер,
Жараган темир кийгендер
Жалгызы санга тийгендер,
Башчысы Бакай кары бар,
Баатырлардын баары бар:
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кыргызда кыраан Кутунай,
Кара токо Мажиги,
Камбардын уулу Чалиги,
Сары Үйшүндүн Сатайы,
Алчындардын Атайы,
Үйшөндөрдүн Үмөтү,
Үмөт уулу Жайсаңы,
Аргын Каракожосу —
Акылга дыйкан кошосу,
Бообек, Шаабек, Шүкүрү —
Болбогон ичте пикири,
Арбандардын Алтайы,
Астына келди жыйылып
Акылмандын далайы.