МАНАС БААТЫР ӨЗҮ КАТЫЛГАН ШООРУК КАНДЫ ЖЕҢИП, АКЫЛАЙ ДЕГЕН КЫЗЫН ТАРТУУГА АЛГАНЫ
Башы маймун элинен,
Жолун Дөбөт атаган,
Күн батышы жагында
Күлдү* кыргыз катаган,
Кундуз, Талкан жери бар,
Кубайыс деген калаасы,
Алардын жердеп турганы
Таш-Котондун талаасы.
Эл байы көп, калаасы аз,
Жерине бүтпөйт эч бир саз.
Дөбөт чөлү атанып,
Жакасы кум, тоосу таш,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймундуктун Шоорук кан
Жаткан экен ушунда.
Калча деген калкы бар,
Калча жайын сурасаң
Кыргызга жакын каркыбар.
Алтайлык кыргыз барыптыр
Ополдун тоосун оролуп,
Кенжутка жетти көчмөнү,
Аягы өтүп Алайдан
Ызар тооно өткөнү.
Ырысы каткан Шоорук кан
Манасты билбей көпкөнү:
Качып жүргөн салты бар,
Кара кыргыз деген эл,
Мунун кайдан чыккан калкы бар?
Ээ кылбай оттоп жеримди,
Элебей жаткан элимди,
Басып оттоп жеримди,
Байкабай жаткан элимди.
Элимди илбей көзүнө,
Не десем болор кыргыздын
Эрдемсип келген өзүнө!
Зордук кылып жер оттоп
Сонунду көргөн жүргөн го,
Күн чыгыштан — Алтайдан
Буларды бир сонун мээнет сүргөн го?
Жамаама* келген кыргызды
Жалмабай болбойт экен деп,
Жаны бар адам болгон соң
Жалпайып жатыш бекердеп,
Бул баатырсып келген кыргызга
Барсылдашсам нетер деп.
Кыйындыгын көрөйүн,
Кыргыздан жылкы бөлөйүн.
Жалпайып жата бергенге
Жаман деп мени ойлойбу?
Жаңы келген кыргызды
Чаап четин тойлойлу.
Кыргыздан жылкы бөлөйүн,
Кытайдан качкан кызталак
Мунун кыйындыгын көрөйүн.

