Каптагын деп, элине,
Кан Бакай айгай салганы,
Канкор Манас баш болуп
Өзү жөнөп калганы.-
Он беш жүз миң колу бар,
Акунбешим зору бар,
Арылбаган шору бар.
Шору болбой неткени,
Согуш болуп кеткени,
Тап кушундай баатырлар
Талабына жеткени.
Ай балта жандан чечишип,
Аманат жандан кечишип,
Аралашып кетишип,
Найзалуу найза сундуруп,
Айгай кулак тундуруп,
Кылычтуу кылыч чабышты,
Кыргыз, кытай салышты,
Канжарлуу канжар алышты,
Капташып кетип эки кол
Кайрыла албай калышты.
Саадакка жебе чалышып,
Салгылашып калышып,
Жебенин огу кыркырап,
Тийген жери быркырап,
Жаасы бар саадак тартышып,
Мылтыктуу мылтык атышып,
Бузук менен катышып.
Төө мылтык * атып күркүрөп,
Үнүн уккан адамдар
Үйүндө бою дүркүрөп.
Жазайыл үнү жаңырып,
Койчагыр * үнү чаңырып,
Бараң мылтык бадырап,
Басылбай добул дабырап.
Ай балта башка шак этип,
Найза төшкө так этип,
Күрсү башка күп этип,
Темири жок найзалар
Муштаганда дүп этип.
Обонун баарын чаң алды,
Асмандан күндү көрө албай
Адамдын баары таң калды.
Тозоңу тоодой бурады,
Отуз жүз миң көп аскер,
Оңой уруш турабы?
Азаптуунун баарысы
Ойбой салып сулады,
Ажалдуунун баарысы
Жаны чыгып кулады.