Дагалактын Мунары
Дагы келип кошулду.
Ал үчөөнүн артынан
Атка минсе ак жолтой,
Атышкан жоого сан колдой,
Жортуп чыкса ак жолтой,
Жоого тийсе сан колдой,
Арстан Манас баатырдын
Абакеси Бакай кан,
Айбаты катуу бу бир жан,
Төрөсү баштап төрт баатыр,
Дөөкүрсүгөн каапырдын
Төгүп канын баратыр.
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Абдылда,
Кара токо Мажиги,
Камбардын уулу Чалиги,
Акбалта бийдин Чубагы,
Айтылуу Кыргыл бу дагы,
Жолборс кыял, бөрү көз,
Жооруну калың, жайык төш,
Ачуусу токтоо, жатык сөз,
Ар кылган иши Манаска эп,
Ат коюлган Бердибек,
Акыр заман журтуна
Атагы калган Сыргак деп,
Сыны-сыргак, өзү эр,
Сынын билген айткан эл —
Сырттандардын өзү дээр.
Көрө салып эр Сыргак
Көкказык атын кындыйтып,
Көк найзаны зыңкыйтып,
Он эки баатыр кириптир,
Ойрон салып ийиптир.
Кайнаган маңгул, калмактар,
Кайраттуусу калбаптыр.
Көз жыртайтып чаң менен,
Кайраттанып урушкан
Кечеги күнкү таң менен,
Кез-кездешип салышып,
Кечке чейин чабышып,
Майданга кирип турушуп,
Барсылдашып урушуп,
Мергендер мылтык атышып,
Ажалдуу өлүп жатышып,
Күлдү журт уруш салыптыр,
Урушкан жерден кеталбай,
Кош-кошуна жеталбай,
Түн боюнча калыптыр.