[Качкан колдун арасында Мерки жайсаң,Шамы шаа да болот. Алар Олуятага качып барышып Меркеш, Мерки, Шамың шаа, Дабагы болуп, биригишип кеңеш курат да, ошол жерди жердеген чантуунун баарын кырып өлтүрөлү, булар бизге акыры жөн букара болуп бербейт экен деген бүтүмгө келишет. Ошондо Кетелик деген калмак Күдүңбай аттуу кыргызга келип, калмактардын курган кеңешин айтып, качып кутулгун дейт. Күдүңбай элге кабар айтып, эл үркөт. Төрт калмак болсо кол курап, камына баштайт. Ташкенди бийлеп турган Панус кан Акунбешимдин өлгөнүн угуп, анын өчүн Манастан өзүм алам деп, калың колун курат. Ташкендин айланасындагы жашаган казак, кыргыз урууларын талкалоого да кеңеш болот. Панустун даярдаган көп колу Манаска каршы аттанат. Бул кабардын чет жакасын угуп, калмак-кытайлардын түрүнөн шекшинген кыргыз мыктылары Асылбек баатыр баш болуп, ошол жерде жашаган көптү көргөн Көкөтөй деген кары бар экен, ошого келишип акыл сурашат.
Көкөтөй Манас кимдерди жеңгенин, жерин-элин бошотконун, ата-тегин айтып, Манаска кошулалы дейт. Чогулган эл анын сөзүн макул көрөт да жергиликтүү кыргыздар камданып, Манаска каршы кеткен калмак аскерлеринин артынан жөнөшөт. Качкандардын артынан кууган Манастардын алдынан ага каршы аттандырган Панустун колу жолугуп, согушта жергиликтүү кыргыз, өзбек, казактардын жардамы менен Манас дагы жеңишке ээ болот. Кытайлар качып Ташкенге бет алышып кубалай келген кол шаарга кирет.
Ташкенге Көкөтөй кан көтөрүлөт. Манасты байкап, ыгы келсе чаап алууга келген калмак баатыры Кыйтуучанын колу жергиликтүү элдин жылкысын тие качат. Манас жылкыны куткарып калып, келген жоону кыйратат. Манастан качкан кытайкалмактардын баары чогулган Араник талкалангандан кийин Манас өз колу менен Алтайга кайтат. Жолдо Талас өрөөнү аркылуу өтүп баратып, анын кооздугуна ыраазы болот.]