Кытайдын Мөндү-Чебеңи
Төрө Үрбүнүн колунан
Төрт бөлүнүп калганы,
Төгүп канын салганы.
Күүгүм кирип, кеч болуп
Жалпы колдун баарысы
Жай-жайына барышып
Жайнап жатып калганы.
Эртеңки күн таң атып,
Эл ордундатынч жатып,
Тулус деген балбаны
Салып чыгыпбарганы,
Жалгыз-Кырды жердеген,
Жанчышып пенде жеңбеген,
Байың калмак балдары,
Майданга айгай салганы,
Бакырыгы баш жарып
Кел бурут деп калганы:
Караң коюп, кан келгин,
Жалгызың коюп,сан келгин,
Жаның тирүү кутулбайт,
Өлөм дегенжан келгин,
Бириң коюп, миңкелгин,
Лөгүң * коюп, пил келгин.
Сөз айтып капырсүйлөгөн:
Зериккениң келиңер
Тиричилик дүйнөдөн.
Тойгонуң келгин жашыңдан,
Миң жаны болсо кутулбас
Бир-бир кара башыңдан.
Атым Тулус, өзүм эр,
Акунбешим паашага
Атам тууган, кеменгер,
Ажалдуу бурут барболсоң
Мага жакын келиңер,
Алпболмоктон, дөө болгун,
Орунуң болоркара жер.
Сагынсаң жердин койнуну,
Өлүмгө сунсаң мойнуңу
Жекеме-жеке мага кел.
Кыргыз менен казагың,
Колуңа берипазабың,
Араандаган аз бурут
Азыр демиң басамын.
Муну айтып Тулус акырды,
Бат жүргүн деп бакырды.
Кыйын экен Тулус деп
Мусулман, капыр кеп кылып,
Эр Манас уруш салса деп
Кыргыздын баары эп кылып.