МАНАС БААТЫР ЧҮЙДӨГҮ АКУНБЕШИМДИ ЖЕҢГЕНИ
Көкчөнүн сайган найзасы
Көкүрөккө такалды,
(Көрбөсөк да укканбыз,
Бабаңардын макалы).
Мен-менсинген капырга
Эр Тугалык баатырга
Көкчө барды бетине,
Жанчуу менен Көкчөнүн
Ээринин минди көтүнө.
Найзасына такалып
Эр Тугалык чыгалбай,
Баатыр Көкчө сайып тур
Ат үстүнөн жыгалбай.
Астындагы сары атын
Бура тартып алганы,
Калың колго бет алып
Капыр качып калганы,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Жонго найза салганы.
Алтынкемер чети деп,
Ай далынын бети деп
Эр Көкчө найза салыптыр.
Аттын мойнун кучактап,
Аккан каны бурчактап
Өбөктөтүпалыптыр,
Өлө турган болгондо
Колуна кирип калыптыр
Барча капыр күңгүрөп,
Пайнасынайтып дүңгүрөп,
Айгайды бийик салыптыр,
Аскерине киргизии
Айдаркануулу эр Көкчө
Кайра тартып калыптыр.
Атадан туубай калгын деп,
Каарланып күүлөнүп,
Тугалыкка сүйлөнүп,
Жамыра деген жайсаңы,
Колуна алып найзаны
Көтөрүлүп күүлөнүп,
Көкчөнү көздөй сүйлөнүп,
Жамыра келет кеп айтып,
Жаалданып бек айтып,
Күйгөнүңоту күнүңө
Шоодайым деп айтып.
Жамыра чыкты баркылдап,
Көк темир кийип жаркылдап.
Алагер деген аты бар,
Аяк башы үч кулач
Айбандан бөлөк заты бар.

