МАНАС БААТЫР ЧҮЙДӨГҮ АКУНБЕШИМДИ ЖЕҢГЕНИ
Түрсүлдөшүп урушуп,
Түн боюнча жулушуп,
Таң атарда далдайып,
Кол-аягын жыя албай
Кара журттун баарысы
Калган экен шалдайып.
Чагалалап чуркурап,
Чаң ободо буркурап,
Ала качып жаныны,
Арстан Манас өлтүргөн
Акунбешим каныны,
Кытайды кыргын алсын деп,
Кыпындай жаным калсын деп,
Калмакты каран алсын деп,
Кара жаным калсын деп,
Кайгайлашып чуркурап,
Калмактардын баарысы
Качып калды быркырап.
Качкан жоонун артынан
Аламанды кара журт
Коюп кетип баратыр,
Ай балталап чокусун
Оюп кетип баратыр,
Алтымыштан-элүүдөн
Союп кетип баратыр,
Кара канга камбылдар
Тоюп кетип баратыр.
Качкандары кутулуп,
Калганы калды тутулуп,
Түмөн кытай кол качты
Дүнүйө жүзү бузулуп.

