Көп адам өлүп тыртайды,
Көздүн баарыжыртайды.
Чопкуттар болду электей,
Согушуп жүрүп баштары
Жошологон челектей,
Айрылып бүтүн чапаны
Найзага таккан желектей.
Ай балта башка шака-шак,
Найза төшкө така-так,
Кылычтар жондо чака-чак
Мылтыктын үнү тапа-тап.
Күрсү чаап күпө-күп,
Төө мылтык * атып дүпө-дүп.
Койчагыр үнү чаңырып,
Жазайыл үнү жаңырып,
Жамандар эстен жаңылып,
Жазбай турган баатырлар
Самаганы табылып
Мусулманы, капыры
Бура тартпай акыры
Аралашып калыптыр.
Тумшугу жок Акун шаа,
Туура жүз миң кол менен
Туруптур туунун жанына.
Арстан Манас баатырың
Бет алып жөнөпкалыптыр
Акунбешим канына.
Кан болуп учу кызарган,
Душманын көздөй шилтесе
Кырк жети кез узарган
Кылычты колго алыптыр,
Кыйкырып кирип кыраан эр
Туу түбүндө жүз миңин
Астын-үстүн салыптыр.
Алтын таажы кийиптир,
Ак жал кара ат миниптир,
Акунбешим каныңыз
Арстан Манас баатырдын
Астына качып кириптир.
Маңдайындабагы бар,
Кулагында шамы бар,
Куюндай учкан жаныбар
Аккула менен жетиптир,
Аркага найзанетиптир,
Ак жал кара ат үстүнөн
Куланган бойдон кетиптир.
Арт жагынан акырып,
Айнакул жетти бакырып.