Айнакул эр барыптыр,
Кызыталак капыр деп,
Кызыкты көргүн акыр деп,
Акун шааны ал жерден
Кылычтап башын алыптыр.
Кадик тулпар Кула атка
Камчы салып эр Манас,
Шиберге койсо өрт кеткен,
Шилтегени мүрт кеткен,
Тоого чапса таш кескен,
Белге чапса баш кескен,
Туткан колдуталдырган,
Түн ичинде суурса
Жанган оттой кызарган,
Уруштуу күндө узарган
Кылычын алды колуна,
Кыйкырып кирди капырга
Кылчайбастан соңуна:
Аккан жерде жаш калды,
Алмадай кулап баш калды,
Төгүлгөн жерде кан калды,
Төрөңү көргөн таң калды,
Жазгы жөө тумандай
Тозоң басып чаң калды.
Аккула ат менен чуратып,
Ач албарс менен сулатып,
Талаа толгон капырды
Таа-таалатып чуулатып
Чакчелекей салганы.
Арстан Манас баатыры
Аралап кирип акыры
Айгайлатып капырды
Ар тарапка жапырды,
Тозоңун көккө сапырды.
Кытайга кыргын салыптыр,
Бу кыйналбай турган жанбы деп
Кылым журт айран калыптыр.
Качып калчу менби деп,
Кайратым андан кемби деп,
Ал сөздү айтып ат минип,
Ат минсе да бат минип,
Айдаркан уулу эр Көкчө,
Айбаты журттан бөлөкчө,
Ал кошулду Манаска,
Арстан эрге жанаша.
Баатыр Көкчө кошулду,
Алар колго киргенде
Арбак урган капырдын
Атактуусу тосулду.
Асманга чаң созулду.