МАНАС БААТЫР ЧҮЙДӨГҮ АКУНБЕШИМДИ ЖЕҢГЕНИ
Жүдөгөн адам көпболду
Жүрө албаган күлүктөн,
Солоп калды көлүктөр
Сойлоп жаткан өлүктөн.
Туягы менен атынын
Тозоңу тоодой бурады,
Айчылык жерде адамдар
Бул эмине тозоң деп
Бир-биринен сурады.
Эки күнү, эки түн
Уруш болуп бүпбүтүн
Басылбай тоок чуулады,
Азууларын аркайтып
Ат жыгылып сулады,
Азамат аттан кулады,
Аралашкан эки кол
Айгай салып чуулады.
Туу түбүндө турушуп,
Туубуз качпай турат деп
Кубат кылып урушуп,
Аралашкан эки кол
Ач бөрүдөй жулушуп.
Ачуудан колтук чоюлуп,
Уучтап жүрүп жарагын
Алаканы жоюлуп,
Канаттын баары кайрылып,
Чапандын баары айрылып.
Этектин баары түгөнүп,
Ээрдин кашы үбөлүп,
Эриндин баары кесилип,
Эмчектин баары эзилип,
Тизенин баары созулуп,
Тизгиндин баары үзүлүп,
Тон тосулуп электей,
Томуктай болгон курган баш
Жошолоп салган челектей.
Колу сынып шалактап,
Коркоктун көзү алактап,
Кабырга сынып кайышып,
Кайрат кылып сайышып,
Калбаны катуу салышып,
Кай бирөөбү калжырап
Кансырашып майышып,
Каптаган эки аскерге
Кара жер жүзү кайышып.
Күндүн көзү көрүнбөй
Тосоң тосту нуруну,
Согуштагы эрендер
Топодон бүттү муруну.

