Аккула минип болкоюп,
Найза колдо койкоюп,
Накери бутта чойкоюп,
Кылыч белде кыңгырап,
Ай балта жанда шыңгырап,
Аккелте жондо жаркылдап,
Ак асаба, сур желек
Найзасында жалпылдап,
Ак шумкар куштай баркылдап
Майданга баатыр барганы.
Алиги Тулус акырып,
Айбаттанып бакырып:
Акылыңдан жаңылып,
Ары жок кана куу кыргыз,
Ажалыңды сагынып,
Манас деген сенсиңби?
Башың таштан болсо да
Аккула ат минип желдиңби,
Ажалың айдап келдиңби?
Муну айтып күрсү салганы,
Баатыр Манас имерип
Башка калкан кармады.
Калканга күрсү чабылды,
Кара жалын дүркүрөп
Канчалык жерге жабылды,
Оён Манас баатырдын
От көзүнөн чагылды.
От чагылды көзүнөн,
Ачуусу келди Манастын
Тулустун айткан сөзүнөн.
Айтылуу кылыч Ачалбарс
Кыраан эр кындан алыптыр,
Кыябына келгенде
Оң ийинден салыптыр.
Ушу капыр оңбоду,
Жерге түштү оң колу,
Сол колу жалгыз калганда
Ай балта менен бир салып
Арстаның Манас оңдоду.
Өлтүрүп атын алганы,
Муңканышып ыйлашып
Капырдын шагы сыныптыр,
Мурдар итти өлтүрүп
Баатырдын көөнүтыныптыр.
Ал кордукка чыдабай
Отуз балбан бөлүнүп
Ат коюшуп калыптыр,
Сары кыяр калдайы,
Самсыган капыр далайы
Сапырылып калганы.