Жана жазга жеткени.
Баягы Манас баланын
Дагы көргүн неткенин.
Ушу күндө Манастын
Он бирге жашы жетиптир.
Жылкынын туур маалы деп,
Алты ай өтүп арадан
Барып көрөм аны деп
Айбанбоз минип алганы,
Төрт асый болгон мал экен,
Төөдөй шаңы бар экен.
Атка минип аргытып,
Айбанбоз менен каргытып,
Балалыктан эригип,
Бара жатыр желигип.
Жолдо жаткан топтогон,
Жол боюнда оттогон,
Эн тамгасы бир башка,
Өз жылкысы окшобойт,
Өңкөй баары сур кашка.
Миңге жакын карааны,
Билейин деп жаш бала
Аралап жетип барганы.
Көрө салып тааныды,
Бая төрт бала турушуп,
Төбөлөшүп урушуп,
Козу союп кондурган,
Коногун кылып оңдурган,
Аксакалы Айнакул,
Анын экөөн таап алганы.
Экөөңөр бери жүргүн деп
Ээрчитип жолго салганы.
Амандыгын сурашып,
Ат жарышып чурашып,
Бай Жакыптын жылкысын
Баарын корүп бек айтып,
Айдаңар бери жылкыңды
Мага жакын деп айтып
Барды Манас кошуна*,
Жылкычынын кашына.
Жылкычыдан сураса
Субайды сыртка салдык деп,
Тубары жыйырма миң экен,
Түзгө келип калдык деп,
Манаска айтты баянын.