Жыйырма эки миң экен жылкысы,
Жыйып баарын алганы,
Кысыр эмди тайлардан
Үчтү союп салганы.
— Үзүрүн көргүн сиздер деп,
Кошунан майын агызып,
Жылкычынын бириндей
Кошо жатып алганы.
Кошту тигип жанаша,
Кылганынын баарысы
Оюн-күлкү тамаша.
Бетегесин жулдуруп,
Белгини жерге урдуруп,
Беш чүкөнү бир дешип,
Белсенип ордо кир дешип,
Сызып алып сызыкты
Кыйлача кылып кызыкты,
Жерди чийип салышып,
Желпинишип алышып.
Жер жайнаган жылкы бар,
Күндүгүнө бир тайдан
Кармап келип союшуп,
Карап турса мүнөзү
Кан заададай* болушуп.
Жалпак жыгач чаптырып,
Чараларын оюшуп,
Бир жагына бир тогуз,
Бир жагына бир тогуз
Үй чыгарып коюшуп,
Ою менен олтуруп,
Ташын салып толтуруп,
Тогуз коргоол ойгону,
Ордо, тогуз коргоол деп
Жаш Манас кылып койгону.
Баштаптыр Манас ордону,
Ордо деген оюнду
Бизге мурас койгону.
Тогуздан коргоол салганы,
Бу Манастан калганы.
Алда билет бу сөздүн
Чыны менен жалганын.
Жол боюнда ордосу,
Атып жаткан ордону
Отуз эки жолдошу.
Он алтысы бир тарап,
Жана он алтысы бир тарап,
Ордого кызып анталап.
Аны таштап салыңар,
Ары түбү Чоң Бээжин,
Андан кабар алыңар.
Баш карматкан канча жан,
Падышасы экен Эсенкан.
Калдайдан* кабар угуптур,
Хан да болсо Эсенкан
Кайгыланып туруптур.
Аты Жакып, түрк деп,
Ааламдан ашкан бай экен
Алтай жакта жүрүп деп,
Жери Шыйкуу, Суушаңда
Калаасы Кара-Шаар болуп,
Жердеген экен ошондо.
Байлыгына мактанса
Жеткирбейт экен көп жанга.
Мурунтадан бу Жакып
Бурут* окшойт куу Жакып,
Жеркен, Котон куюшу,
Сонор-Көл экен туругу.
Алтай тооңо келиптир,
Мал — дүнүйө жагынан
Бүткөн экен жумушу.
Элүүгө жашы келгенче
Эч бала көрбөй туруптур,
Баласы жок, малы көп,
Байкуш болуп куруптур.
Алты жыл болду нак быйыл
Баркыраган ыйлаган
Баланын үнүн угуптур.
Баланы жерден алганда
Бар жандын эси чыгыптыр.
Бери болсо тоюна
Беш жүз бээ союптур,
Атын Манас коюптур.
Аркы уругу түрк дейт,
Акылмандар баары айтат
Ааламга салат түлүк дейт.
Чоң Бээжинге ок атар
Чоңойгондо жүрүн дейт.
Ою терең аярлар
Аларда бар мындай кеп:
Паашадан буйрук уксак деп,
Баштап аскер чыксак деп,
Акылмандар муну айтат
Бар тамырын кырксак деп.
Эсенкан элге кеп айтат:
— Эй, калайык, деп айтат,
Түрктөн катын туубайбы,
Бир катыны тууду деп
Дүүлүксөк кудай урбайбы.
Чантуудан* катын туубайбы,
Чантуудан катын тууду деп
Мен чаң салсам кудай урбайбы.