Хандан кабар келгени:
Сооданын тилин билгенден,
Жүрөгүн дүйнө тилгенден,
Көптү көргөн көсөмдөн,
Тилге жүйрүк чеченден,
Ток, ачкага бекемдеп
Он сарт бизге келсин деп,
Беш-алты жылга бел байлап
Кызмат кылып берсин деп,
Хандын келди кабары,
Зуңдуңдан* келди чабары.
Токсон төрт үйлүү киши эле
Өңкөй уйгур балдары,
Ошонуңар баргын деп
Олор бизди каалады.
Каалагандан кайталбай,
Барбайбыз деп айта албай,
Пейли катуу сиздер деп,
Меңкээриген биздер деп,
Акылга толук сиздер деп,
Араң жүргөн биздер деп,
Бала-чака, ургаачы,
Баарыбызга бу түйшүк
Барбайм деп карап турбачы.
Хан жардыгы катуудур,
Каарланса сап кылып*
Баарыбызды атадыр.
Барбаганың болбос деп,
Хандын сөзү болгон соң
Каяша кылган оңбос деп
Элибиз айтып салганы.
Эсенкандын зуңдуңу*
Не кечиктиң мынча деп
Энтелетип калганы,
Токсон төрт үйдөн он киши
Топтотуп айдап алганы.
Жер кадамдап жол жүрүп
Ордосун көрдүк ханынын,
Орчун Бээжин шаарынын.
Не кылар экен бизди деп,
Кара жандын камын жеп,
Карап турдук бүгүлүп,
Хан алдында жүгүнүп,
Карып жандан түңүлүп.
Алты кытай, он калмак,
Аскерден бөлүп куп тандап,
Казыналык нарынан
Камдатып айдап баарынан,
Төөнүн баарын чомдотуп,
Төө жарагын оңдотуп,
Казыналык малынан,
Ар сонундун баарынан,
Алтын-күмүш зарынан*
Аты улук Бээжин шаарынан
Жүктүн баарын арттырып,
Жүндөн аркан тарттырып,
Жүрөрдө бизге кеп айтты:
— Алтай, каңгай аралап,
Аңгирени* сыдырып,
Ар жагы Эртиш дарыя бар,
Соода менен кыдырып,
Кашкарга кадам салыңар,
Малдарыңдын баарысын
Кара мал кылып алыңар.
Кан тоосунун оюнда,
Санар талаа боюнда
Алтай деген эл бар деп,
Алты зубун калмактын
Жердеп турган жер бар дейт,
Так ошого каралдаш
Түрктөн келген эл бар дейт,
Ошол элдин ичинде
Аты Жакып эр бар дейт,
Баласы аты Манас дейт,
Кандай экен баласы,
Ал Жакыптын Манасы.
Бузук болсо билгин деп,
Эгер бузук көрүнсө
Тирсегинен илгин деп,
Насия мал бергин деп,
Ар борумун көргүн деп,
Аралап анык жүргүн деп,
Ачып көзүң көргүн деп,
Бузуктугу чын болсо
Мында кайтып келгин деп,
Аныктап билсең кабарын
Айтып бизге бергин деп,
Өтүрүк сөз — өлгөн сөз,
Жалган айткан жаман сөз,
Убал кылбай бирөөгө
Укканыңды айтпагын,
Көрмөйүнчө көз менен
Айтып келбе бу жерге
Бирөө айткан сөз менен.
Бай деп айтты бабасын,
Аралап Алтай талаасын,
Аныктап билип баласын,
Көз менен көрүп Манасын.
Урматтап бизди узатты,
Көрмөк үчүн шу жакты.
Кызмат кылып төөчүгө
Кыйладан бери жол жүрдүк.
Кызык жолду биз көрдүк.