Кыпындай неме койбостон
Кийимин тоноп алыңар,
Кидирбеңер баарыңар.
Манас айтып салганы,
Макул болот, мырзам, деп
Баары кабыл алганы.
Манас муну сүйлөдү:
— Жылкычыдан чап деди,
Бай Жакыпты тап деди,
Акбалтаны алыңар,
Бердикеге кабар бериңер,
Бери жакка алып келиңер,
Дамбылдага кабар салыңар,
Азыр келсин баарысы,
Ак сакал Жакып карысы.
Койчуга кошо кабар сал,
Койбой баарын жыйып ал.
Ошпур менен Саламат,
Ошондогу жамагат
Баары келип калсын деп,
Манастын тапкан дүйнөсүн
Байкап бөлүп алсын деп
Кабар салды калкына,
Карап тургун Манастын
Кыла турган салтына.
Эртеси күнү бешимде,
Түш эңкейген кезинде
Жакып бай келди карпайып,
Акбалта менен Бердике
Алда эмине жумуш деп,
Дагы Манас тим жатпай
Ким менен кылды уруш деп,
Дамбылда менен Түнөгөр
Бу да келип калыптыр,
Койчу, айылдагы адамдар
Жуда келип калыптыр.
Ошпур менен Саламат,
О жактагы жамагат,
Мажик менен Дөгөндү,
Манжулуктун адамы
Баары жүрдү тамамы,
Жыйылышып алганы.
Кытайдан келген кырк беш төө,
Бая турган он сарт жөө,
Буларга көзүн салганы,
Жаңы көрүп Жакып бай
Айран азыр калганы.
Чакыргандын баарысы
Чапкылап келип калышты.
Аксакалдуу карысы,
Акылдашып баарысы:
— Мынча төө, жүк малды
Буларды кайдан таап алды?
Карандай мойну бир кулач,
Казыналык нардан го?
Үстүндөгү жүктөрү
Карк алтын кымбат зардан* го?
Артканынын баарысы
Ар бир сонун малдан го?
Башчылары жоголгон,
Бу байкуштарга не болгон?
Бирди көрмөк болдук го
Бу Манастын дартынан,
Издеп чыкпай коёбу
Ушунча малдын артынан.
Албасакпы, алсакпы,
Же кайсы жерден келсе да
Как жайыңа баргын деп
Карап турган сарттарды
Кайтарып жолго салсакпы?
Карап бекер турбайлы
Кабарын сарттан сурайлы.
Акыл кылып баарысы,
Акбалта, Жакып карысы
Кеңеш кылып кеп сурайт,
Кербен болгон сарттардан
Кеп айтыңар деп сурайт:
— Байсыңарбы өзүңөр,
Баяндап айткын сөзүңөр,
Башка жакта дүйнөнү
Көрбөгөнбү көзүңөр?
Көргөн-билген баарын айт,
Кайдан келдиң өзүңөр?
Кытайдан чыккан бай бекен?
Кылымды баскан жан бекен?
Кыйлача сонун нар экен,
Нар үстүндө арттырган
Кыйла сонун мал экен.
Айтыңарчы жайын деп,
Аныгын уксак дайын деп,
Казак, кыргыз калкы бар,
Карыя Жакып каркыбар
Сарттардан жайын сурады.
Сарттар коркуп сабыркап
Кол куушуруп турады.
Уйгурдан болот учубуз,
Түрктөн болот түбүбүз,
Кумулдун ары жагында
Шаа-Шуңга деген шаарда
Оокат кылып жүрүбүз.