МАНАС ЭСЕНКАНДЫН ЖИБЕРГЕН ТЫҢЧЫЛАРЫН ЖАЙЛАГАНЫ
Бир эңкеси барыптыр,
Астыңкы эшек бутуна
А да тийип калыптыр.
Жыгылды эшек, сарт калды,
Кыйынчылык көрдүм деп
Кытайларга даттанды.
Бул кандай кыйын бала деп,
Ушу жерде Манасты
Улуктан келген кытайлар
Урабыз деп чаң салды.
Буту сынып төө калды,
Бу жолдошум жөө калды.
Карма-карма-карма, деп,
Как ушуну байла деп,
Таталап* кытай калганы.
Кармамакка Манасты
Жабыла алтоо барганы,
Карматпайбыз аны деп,
Жанындагы отузу
Жабыла колду салганы.
Калмак, сарты, кытайы
Карсылдашып калганы.
А дегенде эр Манас
Кыйынсынган кытайдын
Башчысын кармап алганы,
Кармаша кеткен жеринде,
Карк алтын кемер белинде,
Бекемдеп кармап алганы,
Көтөрүп жерге салганы.
Көтөрүп жерге бир уруп,
Көөдөдөн басып бир туруп
Чилдей башын жулгандай,
(Балбандык эмей бул кандай),
Башын жулуп алганы.
Кызыл өңгөч кыйылып,
Кекиртеги жыйылып,
Башкасы калды зоңкоюп,
Башы калды томпоюп,
Башчысы мунун өлгөн соң
Баягы турган желдеттер
Баары коркту сумсайып
— Сумсайбаңар баатыр деп,
Буларга мен сонунду кылам акыр деп,
Кырк беш төө жүк экен
Олжо кылам такыр деп,
Он калмакты койбоңор,
Берки турган беш кытай
Бешөөн тең союп тойло деп,
Сарттын онун калтыр деп,
Баарын олжо кылыңар
Кырк төөдөгү малды деп,
Ордону кызыл кан кылды,
Ойротко муну даң кылды,
Өлтүргөнү буларды
Он алты капыр жан кылды.
Калмагы, кытай өлгөнү,
Сарттын баары самсаңдап,
Жан кыйба деп тамтаңдап,
Жаныбызды кыйба деп,
Жалынып сизге турубуз,
Торгун*, тубар*, асыл пул,
Артып жүргөн пулубуз
Хан казына мал деди.
Карк алтын дүнүйө пулу бар,
Доолон*, чүчтө*, буулум* бар,
Кудай айдап жеткирген,
Сизге ылайык пулу бар.
Алгын мынча малын деп,
Хандын келдик кашынан,
Ушу жолго салба деп
Айттым эле башынан.
Үрүстөмдөй иш кылган,
Балбандык кылган жашынан
Манас деген бала деп,
Барып келгин ага деп,
Билип келгин даана деп,
Эсенкан буюрду бизди деп,
Эң сонун көрдүк сизди деп,
Атасы ким, аты ким,
Аркы уругу, заты ким,
Билсек дешип сурашты,
Бири айтпай баары чуулашты.
Анда Манас билди да,
Арсаң-арсаң күлдү да:
— Атам Жакып, Манасмын,
Ары тарт десе болбостон
Акылыңдан адаштың.
Төөмүн буту сынды деп
Бу дөөгүрсүгөн кандай кеп?
Кытай менен калмакка
Бу өлүшү жакшы эп.
Оюңа жаман албаңар,
Ороюң чочуп калбаңар.
Ойрон болгон буларды
Шыйрактан байлап алыңар,
Жылгага сүйрөп салыңар.
Колунан байлап алыңар,
Коктуга сүйрөп салыңар.

