Арууланып алардан
Кутулар шайман калбады.
Кудай салса көрөрбүз,
Жазганына көнөрбүз.
Кейип турбай курулай
Кеңешиңер, жөнөйбүз.
Карыясы Акбалта
Кайрат айтып салганы,
Отургандын баарысы
Оң сөз дешип калганы.
Өлгөн жан кайта кобобу,
Өкүнгөн менен болобу?!
Кеткен жан кайта кобобу,
Кейиген менен болобу?!
Сабыркоодон не чыгат,
Сарсанааны коёлу.
Балта чал сөзү токтолду,
Ачууланып эр Манас
Атасын көздөй октолду:
— Айтыңызчы, атаке,
Акылыңыз канаке?
Кудай салган ажалдан
Кутулган жүргөн экенсиң.
Куу дүйнөнүн түбүнө
Куусаң кантип жетесиң?
Курулай корко берсең сен
Куураган бойдон кетесиң.
Коркуп жүрүп кор болуп
Корлукка көнгөн экенсиң.
Кансырап айтпай сөзүңдү,
Хандан кыстоо сөз келсе
Кармап бергин өзүмдү!
Кадыр алда кудурет
Канча дүнүйө мал берип
Ач кылыптыр көзүңдү.
Калмак, кытай биригип
Кастыгы менде турбайбы,
Калмактан коркуп калтырап,
Кытайдан коркуп кылтылдап,
Жүрсөм кудай урбайбы.
Эсенкандын өзүнөн,
Кабарын угуп турамын
Сарттардын айткан сөзүнөн,
Казынанын малы экен,
Калмак, кытай бириксе
Кастыгы менде бар экен!
Кырк беш төө жүк малды
Кырк ата уулу эл алды.
Ар кайсысы талашып
Нар тазасын алыптыр,
Бая жилиги сынган кызыл нар
Бай Жакыпка калыптыр.
Нарды а жерге сойгону,
Жүгүн жерге койгону.
Жүгүн чечип караса
Зумурут*, көөхар* таш экен,
Жубар бермет* кошо экен.
Берки жүргөн кырк беш төө
Баарысына тең келген
Асыл дүнүйө ушу экен,
Кадырын билген караса
Бир шаардын малындай
Баркын билсе бош экен.
Албарс менен шам чырак,
Буулум*, доолон* кошо экен.
Төрт айгырга жүктөтүп,
Кийиз салып бүктөтүп,
Бай Жакып алып жөнөлдү.
Баргандардын баарысы
Дүнүйөгө өмөлдү.
Он эки жарым жашында
Отуз жигит кашында
Жатсын Манас ушунда.
Аны таштап салыңыз,
Ногойдун Ороз уулунун
Кабарын угуп алыңыз.