МАНАС ЭСЕНКАНДЫН ЖИБЕРГЕН ТЫҢЧЫЛАРЫН ЖАЙЛАГАНЫ
Беш ай болду чыкканы,
Кары-жашы бар бекен
Бээжиндин шаарын укканы,
Алты кытай башчысы,
Сооданын жолун аччусу,
Он калмак эле кошчусу.
Кызматкери биз элек,
Кыйшыгы жок түз элек,
Кече күнү биз келсек,
Бурулбай жолго түз келсек
Ордодон тышка чык деди,
Айткан сөздү ук деди.
Айткан сөзүн укпадык,
Жолдон тышка чыкпадык.
Жолду түзөп алыптыр,
Жолго оюн салыптыр.
Астыңкы төө жетелеп
Ордого кадам салганы,
Чык дегенди укпайт деп
Томпоюн колуна алганы.
Чоң чүкө төөгө жеткени,
Шыйрагына тийгенде
Буту сынып кеткени.
Төөнүн буту сынган соң,
Төрөбүз өкүм кылган соң,
Кармагын деди баланы,
Калмактары жыйылып
Балага колду салганы.
Отуз киши жабылды,
Ошолордун баарысын
Өлтүрмөккө камынды.
Кытайдын эң кыйыны
Балага каршы турганы,
Бала аны кучактап
Көтөрүп жерге урганы,
Көөдөнүнөн бир басып,
Шол жерде башын жулганы.
Он алтысын өлтүрүп,
Оңдонуп карап турганы.
Не кыларын билбейбиз
Эми бизди булары.
Түндө бизди кондурду,
Конок кылып оңдурду.
Эмдигисин билбейбиз
Кандай заман болорду.
Сарттар айтып салганы.
Санап туруп бай Жакып
Акылынан танганы.
— Эй, ага-ини болгон көпчүлүк,
Аңдаңарчы бу кепти,
Акыр мага түшүптүр
Аябаган көп түлүк.
Алтымыш келген жашымды,
Акыры балам жутат бейм
Азапка калган башымды.
Бээжин бекем жер деген
Беш уруу кытай эл деген,
Беттешкен аман келбеген,
Каканчындын* калкы бар,
Канча түрлүү алпы бар,
Катылгандын баарысын
Канын ичкен салты бар.
Кылым журтка катылып
Кыйынга калган экемин.
Хандуу журтка катылып
Калбага калган экемин.
Кара башым калкалап
Кайсы жакка кетемин?
Эсенкандын малы экен,
Не сонуну бар экен.
Башкага тийип болорбу,
Паашага тийген оңорбу?
Карага тийип болорбу,
Ханга тийген оңорбу?
Карап турган ага-ини
Кандай кылсак эп болот?
Калбайт деймин тукумум,
Бу кандай кыйын кеп болот?
Муну айтып Жакып бай
Муңайып турду бир далай.
Акбалта чалы кеп айтат,
— Ай, Жакып бай,— деп айтат
— Болсо бала шок болсун,
Шок болбосо жок болсун.
Ак жазганын көрбөйбү,
Ажалдуу жан өлбөйбү.
Кытай келип калганча,
Кырып бизди салганча
Азыр алып туралык,
Абыдан малга туналык.
Алтайдын тоосун жөлөндүк,
Андан мурун соо белек,
Кыпкызыл канга бөлөндүк.
Беш айлык жолдо Бээжин бар,
Бээжин бизди не кылар?!
Алты айлык жолдо Бээжин бар,
Ант урган кытай не кылар?!
Алты зубун калмагы
Аз болгондо төрт жүзүн
Балаң Манас жалмады,
Алты айга жакын болуптур
Кана, келип кырып салганы!?

