МАНАС ЭСЕНКАНДЫН ЖИБЕРГЕН ТЫҢЧЫЛАРЫН ЖАЙЛАГАНЫ
Менден аркы чоң атам
Дуушаңгөр пааша тушунда
Чантуунун көбүн таратып
Чачты деген ушунда.
Ошондо келген түрктүр,
Маңгулдун элин бакалап,
Алтайдын тоосун жакалап,
Анда алты зубун калмак бар,
Калмактын калкын аркалап,
Араң жүргөн буруттур*,
Алтымыш жылдан бер жакка
Бизге букара болуп туруптур.
Катыны эркек тууду деп
Биздин калдайды* кудай уруптур.
Жаңы тууган баладан
Жаны коркуп калбаган,
Эми тууган баладан
Эси чыгып бир жолу
Эс-акылы калбаган.
Кандыгымды билдирем,
Жаңы тууган бала үчүн
Калкты кантип бүлдүрөм?
Паашалыкты билдирем,
Бар жокту кантип бүлдүрөм?
Же көтөрүп чыккан туусу жок,
Же кулак тунган чуусу жок,
Же көп жыйнаган колу жок,
Паашадан аскер барууга
Байкап турсам жолу жок.
Андай кылбай а көрө
Аңдап ишти кылалык,
Жарымы калмак, жарымы сарт,
Паашалыктай мал сойгон
Жакып чантуу кандай март,
Жыйырма-отузун чакырып,
Казыналык төөдөн
Кырк-элүү төө ыйгарып,
Алты кытай доргосун*,
Ага кошуп жолдошун,
Казыналык асыл пул
Төөгө жүктөп арттырып,
Орто-Азия журтуна
Ой менен тоого саттырып,
Жакыбы кандай жерде экен,
Баласы Манас эр бекен,
Дайындан жерин көрүшсүн,
Каяша кылып биздерге
Кол салуучу эл бекен,
Же корголоп жүрүп бай болгон
Менин комутум толбос кем беке
Кандайлыктан бул иштин
Кабары мында келди экен,
Калкына барып пул сатып,
Алтайдын тоосун аралап,
Каңгайдын калкын каралап,
Шыйкуунун элин шыпырсын,
Таңшаңдын тоосун так басып,
Керме тоону сыдырсын,
Кебездин тоосун кыдырсын,
Ополдун тоосун ойлосун,
Анжиян кире койбосун,
Кашкардан кайра тартсын деп,
Казыналык дүнүйөдөн
Канча сонун артсын деп
Кылдырды соода ханыңыз,
Кызыгын көрүп алыңыз.
Бээжинден чыгып алыптыр,
Беш айдан бери жол жүрүп
Алтай тоонун оюнда,
Аземил суунун боюнда,
Ойноп-күлүп жатышып,
Ордолорун атышып,
Ордого оюн салыптыр,
Бая ойрон болгон кербендер,
Эсенкандын алдынан
Эл кезмекке келгендер,
Ордосу жолдун бетинде,
Атып аткан ордону
Алар жан деп кайдан ойлонду.
Атып атып чүкөгө
Ичке түшүп имерип,
Томпой менен жиберип,
Чертүүгө Манас барганы.
Төөңдү тышка тарткын деп
Четкилер айтып салганы.
Төө тартпасак нетет деп,
Койчу, чүкөсү ок беле
Эмнеге алы жетет деп,
Жетелеген сартын көр,
Калмагы кошо тепеңдеп,
Хан кишиси болгон соң
Бу канте коёт экен деп,
Катар-катар төөсү
Ордонун четин кечкени.
Томпойго Манас жеткени,
Томпойду колуна алганы,
Кулжадан алган эңкени
Кошо коюп калганы.
Томпойдун тийген учунан,
Манастын черткен күчүнөн
Астыңкы төөнүн соңгусу
Төө мылтыктын* огундай
Черткенде сака жеткени,
Төө шыйрагын сындырып,
Төө кырданып кеткени.

