МАНАС БААТЫР ЧҮЙДӨГҮ АКУНБЕШИМДИ ЖЕҢГЕНИ
Аны таштап коюңуз,
Акунбешим паашаны
Алалбайт деген оюңуз,
Арстан Манас не болду,
Кабарынан болуңуз.
Жүз элүү миң кол менен,
Жүрүп боктор жол менен,
Барып басып калыптыр
Оондун сары талаасын,
Мөндүлөтүп кубалап,
Бөксөдөгү калаасын.
Эки жүз миң кол менен,
Тар капчыгай жол менен,
Азык кылып даярын,
Байлап Бооң аярын
Кыргынды кыйла салыптыр,
Бакай, Кыргыл барыптыр.
Алма-Коюр жерлерин,
Адам уулу жеңбеген
Илебин менен Кашкелди,
Кытайын алып кыйратып,
Кыз-катынын ыйлатып,
Калмагын алып эл кылып,
Баатыр Үмөт, эр Көкчө
Барган экен бу дагы.
Аны таштап салыңыз,
Акунбешим паашанын
Алда эмне сөзү бар
Кабарынан алыңыз.
Канча жылы кан болуп,
Казынасы карк толуп,
Кан болгону Акун шаа
Кырк беш жылга жык толуп,
Аяк жагы элинин
Орол тоонун ичинде,
Отуз суунун тушунда.
Суу түгөнүп чөл болгон,
Тоо түгөнүп бел болгон,
Ошолордун баарысы
Толгон калмак эл болгон.
Баарына кабар салыптыр
Дабаш, Тулус калдайды,
Жарлык айтып далайды,
Кейгур амбал, Дебеги,
Келиңер ылдам дегени,
Акунбешим падыша
Үч ай он төрт күн болуп
Уруштун камын жегени.
Муңдуу күн түшүп башына,
Улуктарын жыйыптыр
Ушу күндөкашына.
Калдыкдеди кайгырып,
Чантуу* деген балаага.
Он беш жүз миң кол жыйып
Жылгындуунун талаага,
Элинен калбай эмеси,
Урушка бүттү кеңеши.

