Болот Юнусалиев. Улуу эпос, укумуштуу жомокчу
«Манас» эпосу менен аны айтуучу адамдын тагдыры бир, ал эпос болбосо, кыргыз элинин ичинде аны айтууну өмүрлүк кесип кылган манасчылар да болбос эле. Ал эми эпоско кызыгып, анын артынан түшүп жүргөн адам болбосо, эпостун да аста-аста таптакыр унутулуп кетиши шексиз. Бул эки көрүнүштүн бирисиз экинчиси жашабастыгы сыяктуу, алардын бирөө жөнүндө сөз козгогондо экинчиси жөнүндө да айтпай коюуга мүмкүн эмес. Ошондуктан Саякбай карыянын эл алдында сиӊирген эмгегине, кесибине баа берүүгө байланыштуу эӊ оболу кыргыздын эпосу «Манас» жөнүндө сөз козгоп кетүү зарыл.
Берилген окуяларынын кеңдиги жана көп кырдуулугу, образдарынын монументалдуулугу, ошого жараша өзүнүн көлөмүнүн чоңдугу жагынан «Манас» эпосу изилдөөчүлөрдү таң калтырууда. Чындыгында да дүйнөлүк эпосторго салыштырсак, «Манас» эпосунун теӊдеши жок экенин байкайбыз. Байыркы гректердин «Одиссеясы» менен «Илиадасынан» жүз миӊ сап ырдан турган атактуу «Шах-наме» төрт мертебе чоӊ болсо, байыркы индиялыктардын эки жүз миӊ сап ырдан турган 3 миӊ жылдан бери белгилүү «Махабхаратасы» андан эки эсе чоӊдук кылат экен*1. Ал эми кыргыздын «Манасы» болсо кеминде жарым миллион сап ырдан турат. «Кеминде» дегенибиздин төмөнкүдөй мааниси бар. Эгерде эпостун бириктирилген толук вариантын түзүү үчүн, анын 217 миӊ сап ыр менен жазылган биринчи «Манас» бөлүгүн Сагымбайдан, 214 миӊ сап ырдан турган үчүнчү «Сейтек» бөлүгүн ошол эле Саякбайдыкы боюнча алсак, бардык үч бөлүгү 551 миӊ сап ыр болор эле2. Мындай поэзиянын океанынан турган эпопеяны эч бир дүйнөлүк адабияттын, эч бир дүйнөлүк эпостун тарыхы билбейт.
Ошону менен катар дагы бир нерсени эске алуу зарыл. Индиялыктардын «Махабхаратасы» да, ирандыктардын «Шах-намеси» да, айрым адамдар тарабынан кураштырылып, толукталып кагаз бетине түшкөнгө чейин эл оозунда чаканчакан гана айрым поэмалар түрүндө жашаган. Көлөмү боюнча «Манастын» бир эле эпизодуна тете келген армяндардын «Давид Сасунскийи» финдердин «Калеваласы» сыяктуу эпостор айрым адамдар, же коллективдер тарабынан оозеки чакан поэмалардан кураштырылгандыгы белгилүү. Ал эми «Манас» эпосунун Саякбай Каралаевден жазылып алынган толук вариантынын үч бөлүмүнүн өзү гана 422 миӊ сап ырдан турат. Мындай залкар жомоктун кылымдан кылымга оозеки түрдө жашап келатышы дүйнөдө оозеки адабияттын тарыхында алиге белгисиз.
Кыргыздын оозеки адабиятынын теңдешсиз байлыгы «Манас» эпосунан гана эмес, анын «кенже» делип аталуучу эпостору сериясынан да байкалат. Ар бирөө 10–15 миңге жакын сап ыр менен айтылуучу «Кедейкан», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек» сыяктуу ондогон баатырдык, лирикалык-турмуштук мазмундагы поэмалардын ар кайсысы Орто Азия элдеринин көлөмдүү делип эсептелүүчү «Көруулу», «Алпамыш» эпосторуна тете келет.
-----------------------------------
1* «Советтик чоң энциклопедиянын» экинчи басылышынын тийиштүү томдорун караңыздар.
2* Келтирилген сандар болжолдуу түрдө алынган (ред.).

