Кыргыз элинде эпостун ар кыл түрлөрүнүн ичинен баатырдык жанрдын мынчалык даражада өнүккөндүгүн жана анын эл оозунда теӊдешсиз көлөмдүү ыр түрүндө жашашын эмне менен түшүндүрүүгө болот?

Анын чылк ыр түрүндө жашашы ыр өнөрүн кыргыздар эзелтеден аябай чексиз кадырлашы менен түшүндүрүлөт. Мындан 100 жыл мурун Кыргызстанга келип, Токмоктун жанындагы кыргыздардан «Манас» эпосун жазып барып, аны жарыялаган Россия Академиясынын академиги В. Радлов өзүнүн кириш сөзүндө кыргыз эли чечендикти, сөзмөрлүктү өтө кадырлай тургандыгын айтып, «алар дүйнөдө өнөрпоздуктун эӊ мыктысы ритмикалык речь» – деп түшүнүп, өздөрү да башка элдерден сөзмөрлүк, чечендик менен айырмаланат экен деп кеткен*1. Албетте, чечендик, сөзмөрлүктү өтө кадырлай тургандыгын айтып, «алар дүйнөдө өнөрпоздуктун эӊ мыктысы ритмикалык речь» – деп түшүнүп, өздөрү да башка элдерден сөзмөрлүк, ар бир элге таандык, ар бир калк өз алынча ырчы, бирок кыргыздардын ырды барлык башка сөз искусствосунан жогору баалашы талашсыз.

Бул кырдаал кыргыз эпосунун бардык түрлөрүнөн (баатырдык жомоктордун, тамсилдердин, кошоктордун ж.б.) бара-бара бүт дээрлик ыр түрүндө жашашына алып келген болуш керек. Мында искусствонун башка түрлөрүнүн (театрдык, сүрөт ж.б.) өнүкпөгөндүгү да белгилүү даражада өз ролун ойнобой койгон жоктур.

Угуучуларды өзүнө тез тартуу жагынан да кара сөзгө караганда жорго сөз, же ыр өзүнүн курулуш өзгөчөлүгү, сап башындагы жана аягындагы, кээде сап ортосундагы уйкаштыктар, белгилүү ритмикалык топторго бөлүнүүчү уккулуктуу өлчөмдөрү аркылуу артыкчылыкка ээ экендиги өзүнөн-өзү түшүнүктүү. Ошону менен катар ыр түрүндөгү жомоктун, аңгеменин, мактоонун, кошоктун ж.б. ар биринин өзүнүн мазмунуна ылайык музыкасы болушу да угуучуларды кара сөзгө караганда көбүрөөк кызыктырган. Бул сапаттардан тышкары жомоктун, ырдын мазмунуна жараша айтуучунун бети-башынын мимикасын, бүт денесинин аракеттерин эске ала турган болсок, жомокчунун же ырчынын эл алдында ырдап бериши кадимки эле синкреттик искусстволуу театрдын ролун аткарган. Ошентип, ырдын баалуу саналышы эл арасынан ырчы, жомокчулардын кадырлуу болушуна алып келген. Ырчылардын, жомокчулардын көбөйүшү негизинен мал чарба менен оокат кылган бош убактысына, көчмөн элдин шаан-шөкөттүү аш-тойлорду көп беришине да байланыштуу. Баланын төрөлүшү, жаштардын үйлөнүшү, тушоо кесүү, ат коюу, аза күтүү жөрөлгөсү, аш берүү сыяктуу салттарда жыйылган элдин көңүлүн ачып, эстетикалык талаптарын канааттандыруучулар ырчы, жомокчулар болгон.

Конкреттүү шартка байланыштуу ар бир адамдын үлгүлүү жагын мактап, кемчилигин таамай таап ырдаган акындарды төкмө ырчы (орусча импровизатор) деп эл төбөсүнө көтөрүп кадырлап, сыйлык түрдө материалдык жардам берген. Ырчылардын, жомокчулардын кесиби эл кыдырып жомок айтуу, ыр чыгаруу менен болуп, бүт оокаты элден алган сыйлык менен өткөн. Демек, жомокчулук, ырчылык материалдык кызыкчылыкка байланышкан, ал канчалык таланттуу болсо, эл аны ошончолук чоӊ кадырлап сыйлаган.

Ошентип, элдин күндөлүк турмушунда жогору бааланган ырчылык-жомокчулук шыгы кылымдар бою улам барган сайын өрчүгөн, барган сайын машыктырылган жана эл арасына кенен тараган кесипке айланган.
--------------------------
1* В.В. Радлов. Образцы..., V г. Предисловие, 4-6.