Болот Юнусалиев. Улуу эпос, укумуштуу жомокчу
XV–XVIII кылымдарда Борбордук Азияда ар тарапка улам чабуул жасап, көп элдерди багындырып, күчтүү мамлекет курган жунгарлар жалаң кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы эмес, Орто Азия элдеринин бардык эпосторунан кең орун алган. «Манас» эпосунда калмактардын кан жыттанган Коңурбайынын (калмактардын баатырдык «Жангар» эпосунда эң мыкты оң каарманынын аты Хонгор) укумунан тукумуна чейин элдешпес жоо катарында көрсөтүлүшүнүн реалдуу тарыхый негизи бар. Бирок буга карап кыргыз эпосунун негизинде жалаң гана жунгардын окуялары турат деп эсептөө чындыкка туура келбейт. Жунгарлардын чабуулдарынын бир нече кылым мурда пайда болгон эпостун персонаждарына кошумча эпитеттер жана кыймыл-аракеттер кошулуу аркылуу чыгарманын тарыхый фону оңой эле өзгөрүп турган. Мисалы, небак сүрөттөлүп өзгөргүс портретке айланган Жолойдун образында бир гана эпитет сөздү өзгөртүп «Кытайлардын эр Жолоюн», «Калмактардын эр Жолой» кылып айтуу менен гана эпостун тарыхый фону өзгөрө түшөт.
Кыргыздардын «Манасты» өтө кызыгып угушунун дагы бир себеби – эпос ар бир доордогу элдин ички турмушун чагылдырууга байланыштуу. Мисалы дин маселесин алалы. Ар бир элдин идеологиялык турмушунда дин абдан чоң роль ойноп келген, динге байланышкан согуштар адамзаттын тарыхында кийинки күндөргө чейин орун алып келди. Кыргыздардын эки миң жылдык тарыхында диндик көз караш бир нече ирет өзгөргөн сыяктанат.
Эпостун чыгышы өтө байыркы мезгилдерге тийиштүү болгондуктан, андан диндин эң байыркы формасынын калдыктарын учуратабыз. Монотеизм пайда боло электеги анимизмге тийиштүү жер-сууга, табияттын касиетине сыйынуу доорундагы ишеним эпосто сакталгандыгы, анын оң персонаждарынын кээде «Төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деп карганышса, кээде «Ак Келтенин огу урсун, көк милтенин чогу урсун» деп курал-жаракка, отко карганышы далилдейт. Диндин байыркы эпос пайда болгон мезгилиндеги формаларынын калдыктары менен катар жаңы шарттарда кабыл алган ислам дини, албетте, негизги өкүм сүрүүчү ишеним катары орун алган. Динди алмаштыруу процесси бүт элдин тарыхында эң оор, эң маанилүү, эң татаал маселелерден болгондуктан, ислам дининин биротоло өкүм сүрүшү үчүн бир кыйла орчун жана катаал чаралар жүргүзүлгөн болуш керек.
Ошол максатта элдин сүйгөн атактуу эпосу да сөзсүз пайдаланылган. Муну биз, ар бир элдин эпосу сыяктуу, өкүм сүргөн диндин белгилүү даражада чагылдырылышынан гана эмес, эпостун кээ бир варианттарында, көбүнчө Молдобасан, Багыш, Сагымбайлардын варианттарынын кээ бир эпизоддорунда; Манасты элдик гана баатыр эмес, дүйнөгө ислам динин тараткыч жанагер кылып көрсөтүүгө аракет кылышынан да байкайбыз. Ушуга байланыштуу, «Манас» эпосунда ислам дини кийинки катмар экендиги жана Алмамбеттин өзү персонаж катарында ага кийин киргизилгендиги жөнүндө академик В. Радловдун пикири ырас болуш керек. Бул персонаждын эпоско кийинчерээк киргендигине дагы бир тилдик далил иретинде эпостун башка персонаждарынын аты ислам динине, араб тилине байланышпай, жалаң Алмамбет деген аттын Ал Мухаммед деген эки араб сөзүнөн пайда болгондугун көрсөтүүгө болот.
Кыргыз элинин нечен кылымдардан бери башынан өткөргөн экономикалык турмушу да эпосто аздыр-көптүр чагылдырылган. Саякбайдын вариантында Манас өзү эгип өстүргөн буудайына Аккуланы алмашып алат, жалпы эпосто бардык нерсе акчага бааланбай, малга гана бааланат, б. а. экономикалык турмушта натуралык алмашуу өкүм сүрөт. Бирок ошону менен катар кийинчерээк пайда болгон алтын, күмүш акчалар да эскерилет. Согуш техникасынан дале ошол ар доордун үлгүлөрүн көрөбүз: эпостук баатырлар жоону бирде жаа менен чечекейге атса, бирде кийинки эле беш атар же замбирек менен жайлайт.
Байыркы замандарда элдин турмушунан орун алган салт-санаа, үрп-адат, жөрөлгөлөрдүн калдыктары менен катар алардын кийинки мезгилдерде өкүм сүргөн формалары, этнографиялык өзгөчөлүктөрү эпосто кенен берилген. Ошондуктан эпос кыргыз элинин илгери замандардагы этнографиялык өзгөчөлүктөрүн изилдөө боюнча бирден бир булак болуп табылат.
Ар бир доордогу турмуштун ушул сыяктуу деталдары менен катар эпостон негизги коомдук көрүнүштөрдү коомдук формациялардын алмашуусуна байланышкан орчун өзгөрүштөрдүн чагылдырылышын да байкоого болот. Манас менен көзкамандардын араздашуусу, Семетейдин кырк чоро менен каршылашуусу сыяктуу фактылар байыркы уруулук коомдун улам ирип-чириш процессин элестетсе, Канчоро, Абыке, Көбөштөрдүн Семетей менен элдешпес душман болушу кыргыз коомунун тарыхындагы ички тап күрөштөрүн чагылдырат. Бул сыяктуу коомдук көрүнүштөрдүн оозеки көркөм чыгармадан чагылдырылышы эпостун негизги идеясына толук жооп берет. Ал идея өзүнүн керт башынын гана камын ойлогон эзүүчү мителердин бийлигинин ордуна эмгекчилерди мыкаачылардын кандуу тырмагынан куткарып, эркиндикке, теңдикке, бейпил турмушка жеткизүүчү бийликти самоо. «Манас» эпопеясынын үч бөлүмүнүн тең идеялык мазмуну, ар бир бөлүмүндө ар түрдүү даражада жана формада, ошол негизги идеяга багышталган.
Эпостогу Манас, Семетейлер башкарган коом, согуштук демократия доорунун чагылдырылышына карабастан, албетте, идеалдык коом. Эпоско кылымдар бою кан жүгүртүп, жан берип, аны улам өрчүтүп, өстүрүп, элге аны улам барган сайын популярдуу, сүйүктүү кылып, келаткан күч – анын улуу идеялуулугу. Бүт коомдун тагдыры чечилип жаткан катаал шарттарда өзүнүн эрдиги, акылмандыгы аркылуу элди кыргындан аман сактап калган Манас, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатырларын кандай эл унутсун.
Эл башкарган ак ниеттүү баатырлардын сырткы жоолордон кыргынга учурашынан пайдаланып, бийликти колуна ала коюп, элди аёосуз эзген Канчоро, Абыке, Көбөшкө окшогон ички мителерден элин куткаруу үчүн нечен жылдар адам чыдагыс азапка, кордукка төтөп берип, акыры эзүүчүлөрдүн кыйноосунан куткарган Каныкей, Семетей, Күлчоро сыяктуу адилетчил адал уул-кыздарын кандай эл өчпөс кылбасын. Бүт элди өлүмдөн алып калган, кыйноодон, эзүүдөн куткарган азаматтарын өлбөс образ кылып сүрөттөөдөн эл эч бир боёкту аяган да эмес.
***
Ошондой ажайып улуу чыгарманы жараткан, аны барган сайын өөрчүтүп, жетилдирип, теңдеши жок шедеврге айландырган ырчы, жомокчуларын да эл аябай урматтап, кылымдан-кылымга унутпай, аңыз кылып атап келген. Толубайдай сынчы, Токтогулдай ырчы болгон экен деген кылымдардан бери келаткан ылакап Манастын кырк чоросунун биринин ысмы Ырчы уул аталышы, Сагымбайдын вариантында Жайсаң ырчынын жалаң гана боз үйдүн жасалгасы жөнүндө күнү-түнү, ырдашы тууралуу легендалар таланттуу ырчы, жомокчуларын эл жанындай кадырлагандыгын далилдейт.
«Манас» эпосунун таң каларлык көркөмдүүлүгү жана залкардыгы, анын кылымдар бою улам өнүгүп, жетилип келиши, албетте, манасчылардын эмгегине байланышкан. Манасчылардын ичинен эң таланттууларын эл чоң же улуу жомокчу деп атаган. Андай жомокчулар эпостун үч бөлүгүн бирдей толук жана көркөмдөп айта билүү менен катар, айрым учурда, угуучулардын кулк-мүнөзүнө, каалоосуна жараша, эпостун мазмунуна жаңы идеологиялык же сюжеттик элементтер да киргизе алышкан. Муну байкаган бийлөөчү чөйрөлөр өз максаттарына ылайыктап эпосту өзгөртүүнү талап кылып келген. Буга манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы эпоско жат идеялар жана жат эпизоддор далил боло алат. Чоң манасчылардын жомокчулук касиетин түш көрүүгө байланыштыргандыгы, балким, ошол сырткы таасирдин кийлигишүүсүнөн кутулууга байланыштуудур. Кандай болсо да, бул түш көрүү жөнүндөгү жөрөлгө түрк калктарында эзелтен тараган көрүнүш болуу керек, анткени Низами «Шараф-Намени» жазууда «түшүмдө Кызырды көрдүм» десе, Навои «Искендер-Намени» жазууда «түшүмдө Низамини көрдүм» деген экен.

