Жарым миллионго жакын сымаптай чуурган ыр менен жазылып алынган эпостун толук вариантынын тексти гана уникум эмес, ошончолук көлөмдүү, көркөм улуу эпосту жадысында сактай билген Саякбай карыянын өзү да дүйнөдө импровизаторлордун ичинде өзүнчө бир уникум-акын экендиги жөнүндөгү пикирге кошулуу керек. Кагаз бетине түшкөн эпос бир кыйла сапаттарынан ажырай тургандыгы белгилүү. Манасчынын өз оозунан кадимки шартта укканга кайдан жетсин.

Айтылган тексттин көркөмдүүлүгү манасчынын настроениесине (көңүлүнө) жараша, ал эми көңүл болсо, айтылуучу шартка (угуучулар чөйрөсүнө) жараша келет. Фондудагы тексттер, ошонун ичинде Саякбай карыядан жазылып алынганы да, манасчыны жалгыз отургузуп алып кагаз бетине түшүрүлгөн тексттер. Эпосту кадимки угуучулардын алдында айтканда гана кадимки элдик текст пайда болот. Сакемди ээрчип, эл арасында айткандарын уккан адам оңой байкайт. Манасчы менен эпостун кадырын билген угуучулар бетме-бет келгенде гана бирине-бири таасир туугузуучу шарт түзүлөт. Ошондо угуучуларынын назарын өзүнө бүт бойдон оодарып алган манасчы айтылып жаткан окуянын мазмунуна жараша өзү кошо таасирленип, каармандары кайгырса, кайгырып, кубанса, кошо кубанып, алардын ички сезимдерин жалаң ыр менен, сөз менен гана эмес, адам баласына бүткөн толгон кылдат каражаттар аркалуу билгизип отурат. Мындай шарттарда кабинетте табылбаган нечен сонун сөздөр менен айтылган укмуштуу ырлар өзүнөн өзү куюлушуп келип турат. Угуучулар өздөрү каалаган эпизодду айтканда Саякбай карыя ого бетер ылхамданып, өтө таасирленип айтат. Ошондой эле көп каалаган жана манасчы өзү да көбүрөөк жактырып айта турган эпизоддордун бири – Каныкейдин Тайторуну байгеге чапканы. Бул эпизоддун угуучуларды да, манасчынын өзүн да таасирленткен күчү, ички сыры – анын көркөмдүгүндө, анык эч качан өчпөс идеясында.

Манастын көзү жумулары менен ашкереге чыккан чыккынчы Абыке, Көбөштөрдүн кандуу тырмактары элге батырыла баштаганда, айлакерлик менен балтыр бешик Семетейди өлүмдөн алып качып төркүнүнө алып барып, иниси Ысмайылга бала кылып бактырып жүргөн Каныкей уулу тестиер болгондо, уулум атасы Манасты тартса чыгып келсин, эси жок эселек болсо артта калсын деп төлгө кылып, Тайторуну байгеге кошот. Байгеге кошулган тулпарга бирөөлөр карасанатайлык кылбасын деп, Каныкей атын өзү сүрөмөкчү болуп, Манастан калган кийимдерин кийип, жарак-жабдыгын асынып тойго келет. Атасы Темиркан менен иниси Ысмайылдын «бизди намыска калтырасың, эркекче кийинбе» деген сөздөрүн капарына албастан, айдалган аттардын артынан кеткен Каныкейди өлтүрүп келүүгө Семетей жумшалат.

Эли, журту, уулу үчүн толгон азапка кайыл болуп жүргөн жесир өз баласы колдуу боло турган ситуацияга угуучулардын да, айтуучунун да жүрөгү өйүйт, окуянын эмне менен аяктарын ого бетер кызыктыра күттүрөт. Бирок окуянын кызышы мурунку деңгээлден төмөндөбөйт. Кайта тарткан аттарды дөбөдө чоң дүрбү менен көрүп отурган Каныкей Тайторунун үч жүз аттын соңунан келатканын көргөндө баласынын колунан өлгөнчө, өзүн өзү жайламакчы болот.

Эл сүйгөн каармандын дайыма мындай оор шартта болушу угуучуларды чаалыктырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан жомокчу аз-аздан шартты оң жакка оодара баштайт.