Көп окуялуу, татаал сюжеттүү, өтө көлөмдүү чыгарманы өздөштүрүү процессинде жомокчу түш көрсө да, көрбөсө да, эпосту эч кимден укпай, эч бир ырчылык таланты болбой туруп, «Манас» эпосун айткан эмес. Эпосту өзүнүн бир тууган агасы Алишерден үйрөнө баштаган, тырмактайынан ырга шыктуу Сагымбай чоӊ манасчы болгондугунун себеби, ал өзүнүн айтуу боюнча, өз заманынын мыкты акыны жана манасчысы легендарлуу Келдибек менен Балыктарды ээрчип жүрүп таалим алган. Андан кийинки жомокчулардын ичинен эң таланттуу манасчы, биздин замандашыбыз Саякбай да бармактайынан ырга шыктуу келип, жомокчу энесинин бал оозунан «Манас» угуп, ага кызыгып, кийин атактуу Чоюкени ээрчип жүрүп, андан көп-көп таалим-тарбия алганда гана коомчулук арасына манасчы катары көрүнө баштаган.

Демек, чоң манасчы болуу үчүн бир гана чыгармачылык шык, талант жетишсиз экен, анын үстүнө чоң манасчылар «мектебинен» өтүп, таалим-тарбия, тажрыйба алыш керек экен, азыркыча айтканда чоң мастердин колу астында стажировкадан өтүш керек экен. Мында, албетте, сөзмө-сөз жаттап алуу жөнүндө сөз кылып отурганыбыз жок, мынчалык көлөмдүү чыгарманы сөзмө-сөз жаттап алуу мүмкүн да эмес.

Болочок жомокчу өзүнөн мурункулардан үйрөнүп ала турган элементтер, биздин оюбузча, төмөнкүлөр:
а) ар бир окуянын мотиви (мотивдери), өнүгүш сюжети;
б) бир окуяны (эпизодду) экинчи окуя менен байланыштыруу ыкмалары;
в) эпостук баатырлардын толук биографиясы;
г) персонаждардын ар түрдүү шарттардагы (жай турмушта, согушта ж. б.)
портреттери;
д) окуяга катышуучу жаныбарлардын, урунуучу жоо-жарактардын, кийим-кечектердин, буюмдардын жалпы сүрөттөрү;
е) каармандардын туулуп өскөн же жүргөн жерлеринин көрүнүштөрү (сүрөттөрү);
ж) каармандарга жана алардын минген атына жана урунган буюмдарына берилүүчү туруктуу эпитеттер;
з) негизги монологдордун мазмуну;
и) эпоско таандык музыка;
к) айрым эпизоддорду аткарыш манерасы (мимика, же стикуляция ж. б.).

Бул элементтердин өзү гана, албетте, поэма эмес, бирок анын скелетин түзөт.

Ар бир жомокчу, өзүнүн чыгармачылык талантына жараша, ушул жансыз скелетке булчуң толтуруп, кан жүргүзүп, жан берет. Ошентип, ырчылык касиет аркылуу жансыз сюжет, укса кулак кандыргыс укмуштуу поэмага айландырылат.

Манасчынын кесиби бул арада эл оозунда кара сөз менен айтылып жүргөн жомокту поэмага айландырган жазуучунун эмгегине окшош. Мында айырмасы ушул: жазуучунун поэмасынын тексти жазылган бойдон өзгөрбөй кала берет, ал эми манасчынын туруктуу тексти жок, анын бир айткан тексти, мазмуну бир болгону менен, экинчи айткан текстине сөзмө сөз туура келбейт. Демек, манасчынын ар бир айтышында чыгармачылык илхам колдонулуп, анын ар бир аткарганы белгилүү мааниде жаңы чыгарма сыяктанат. Ошондуктан Саякбай карыядан 1940-жылга чейин жазылган вариант менен 1952-жылдагы дискуссиянын таасиринен кийин жазылган варианттын ортосунда жер менен көктөй айырма байкалат. Саякбай карыянын согушка чейинки варианты, анын көптөгөн кайталоолорун эске албаганда, элге атагы чыккан, кадимки «Манас» эпосунун өзү. Ошону менен катар Сакемден башка эч бир манасчыдан эпостун үч бөлүгү толук жазылып алынган эмес*1. Ошондуктан ал вариант уникалдык, жападан жалгыз вариант; муну Саякбай карыянын өз элине, бүт адамзатка калтырган баа жеткис чоң тартуусу деп билиш керек. Бул тексттер кыргыз тилинде жана башка тилдерде жарыяланса, кыргыз элинин улуу чыгармасы менен бүт адамзат тааныштырылып, дүйнөлүк адабиятка белгилүү салым кошулган болор эле.
--------------------------
1* Азыр Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондусунда макала чыккандан кийин жазылып алынган Мамбет Чокморовдун эпостун үч бөлүмүн бүт камтыган варианты сакталып турат (ред»).