Болот Юнусалиев. Улуу эпос, укумуштуу жомокчу
Бул терең изилдөөнү талап кыла турган маселе...
Угуучуларды бирде ыйлатып, бирде кубантып отурган күч жалаң гана эпостун идеялуулугуна гана эмес, жомокчунун устаттыгына да байланыштуу. Ар бир ситуацияга ылайык каармандын кыймыл-аракетин, кылык-жоругун, ички психологиялык сезимин, айланадагы шартты, табийгаттык фонду жана башка өткүр сөздүү кооз ырлар менен сүрөттөөнүн өзү манасчынын көркөм сөздүн улуу устаттарынын даражасына көтөрөт. Ал эми ошол ырлардын мазмунуна жараша жасалган кыймыл-аракеттер, бай мимика, эпоско таандык музыка, миң кубулган доошунун миң сырдуу ыргагы менен угуучуларды белимчидей өзүнө багынта аткарыштын өзү манасчыны ашкан тажрыйбалуу профессионал артистке теңейт. Бирок мында дагы бир чоң «деталды» эске алыш керек. Сахнадагы артист даяр текстти айтуу менен катар ар бир жолу бир гана каармандын ролун аткарат. Ал эми экспромт менен ыр чыгарып жаткан манасчы ар бир жолу айтып жаткан эпизоддун (же бүт эпостун) каармандарынын бардыгынын ролун жеке өзү ойнойт, алардын ар биринин ички психологиялык сезимин, кайгы-кубанычын тең бөлүшүп, угуучуларга кылдат элестетет, башкача айтканда, бүт театрдык коллективдин эмгегин аткарган сыяктанат. Манасчынын эмгеги ар тараптуу таланттуулукту талап кылган татаал эмгек болгондуктан, Саякбай сыяктуу чоң манасчылар элдин тарыхында чанда учурайт. Ошентип, эгерде музыкасын ата-бабадан калып келаткан элемент катарында эсептей турган болсок, манасчы эки түрлүү чыгармачылык искусствонун – акындык жана актёрлук искусстволордун мыкты устаты болуп эсептелет.
Саякбай карыяны кыргыз эли акындыгы дарыядай аккан акын катарында гана эмес, укмуштуу актёр катарында да абдан жакшы билет. Сакем кеминде элүү жылдан бери элеттеги малчылар менен дыйкандарга, шаардагы жумушчулар менен интеллигенттерге керемет актёр катарында да жомогун айтып, алкышын алып жүрөт.
Саякбай – өз элинин алкышына татыктуу биздин доордун укмуштуу жомокчусу.
Юнусалиев Б.М. Тандалган эмгектер. Фрунзе, 1985, 472-489-б.

