Болот Юнусалиев. Улуу эпос, укумуштуу жомокчу
Эл арасына айтылуучу жомоктун, ырдын тематикасы, мазмуну, албетте, элдин каалоосуна, табитине жооп бериш керек. Кыргыз эпостору бүт дээрлик эр жүрөктүүлүктү даңазалаган баатырдык мүнөздө экендигине караганда кыргыздар мекенин ар түрдүү душмандардан коргогон кайраткер уул-кыздарынын иштери жөнүндөгү жомокторду угууну көбүрөөк каалап, көбүрөөк талап кылган. Элдин бул каалоосу табити, албетте, кокусунан эмес, мунун өзү да элдин тарыхынан келип чыккан.
Кыргыз элинин тарыхынын өзү баатырдык тарых деп атоого арзыйт. Баатырдык дегенибиздин себеби: граждандык тарыхтын маалыматтарына караганда эки миң жылдан ашуун мезгилден бери өзүнчө тили, үрп-адаты, маданияты бар калк катарында кыргыздардын аты чыгып келатат. Андан бери Борбордук Азияда жашаган сактар, тохарлар, кидандар, усундар, ал тургай кечээки эле согдылар, жунгарлар, кыпчактар сыяктуу нечен-нечен даңкы дүйнө жарган калктардын аттары дүйнөлүк тарыхтан калк катары өчүп, дайны чыкпай кетти.
Толгон-толгон каардуу кагылыштар натыйжасында ал элдер кызыл кыргындарга учурашып, өлүмдөн калгандары же чилдей тарап, же буудайдай сапырылып, башка элдер менен аралашып, өзбек, казак сыяктуу жаңы калктар пайда болду.
Жер силкинткен нечен согуштарда өзүнүн чарпындыларын бир чети те береки Борбордук Россиядагы башкырттарга чейин чачып, экинчи чети алыскы Сибирдеги тува, хакас, ойроттордун арасында калтырган байыркы кыргыздар эки миң жылдан ашуун өзүнүн элдигин сактап келатканынын себеби ошол баатырдыкка байланышкан. Енисей сагааларында чарбасын өстүрүп, чоюнун эритип жаткан кыргыздарга 710-жылы түндө Көгмөн тоолорун ашып барып, баскынчылык кылганын көк түрктөр ташка жазып калтырса 758-жылы узак кыргындардан кийин байыркы уйгурлар кыргыздарды жеңгени кытайлардын летописинде сакталган.
Нечен ирет көтөрүлүш натыйжасында кыргыздар байыркы уйгурларды кайра жеңип, мамлекет уюштурганы, кийин XI кылымдын башында ал мамлекетти кытайлардын (кара кытайлардын) талкалангандыгы, андан кийин ааламды титиретип чыккан Чыӊгыз хандын, анын тукумдарынын кандуу тырмактарынан кутулуу үчүн кыргыздардын эки кылым бою көрсөткөн куралдуу каршылыгы, андан берки манжулардын, жунгарлардын ж. б. баскынчылардын башынан өткөн, бирок тарых бетинде жазылбаса да, элдин эсинен түбөлүк орун алган окуялар да аз эмес.
Ушундай ар түрдүү масштабдагы кагылыш-согулуштардын, кызыл кыргындардын ар бирөөндө малдын, маданияттын, айрым адамдардын гана эмес, бүт элдин тагдыры чечилип турган. Техника жокко эсе кезиндеги согуштарда ийгилик, жеңиш жалаң гана баатырдыкка, эрдикке негизделген, айрым адамдардын, кол башчынын эмес бүт элдин баатырдыгы менен чечилген. Мына ошол бүт элге мүнөздүү эрдик, баатырдык аркалуу гана кыргыздар өздөрүнүн элдигин нечен кылымдардан бери сактап келген. Ошондуктан баатыр элдин тарыхы да чылк баатырдык окуялар менен толгон.

