Ошол каармандыкты көрсөткөн бир сырткы көрүнүш жөнүндө орус окумуштуусу көргөн бир фактыны эске сала кетели. Мурунку кылымдарда, асыресе, көчмөн элдердин арасында согуш дайыма дээрлик жарыяланбай башталган. Душман, ууруларча аңдып келип баскынчылык кылган, ошондуктан ар бир эркек, ал тургай аялдар да, дайыма жоого каршы турууга даяр, шайдоот болгон. Мындай жоокерчилик турмуштун четин мындан жүз жыл мурун келген В. Радлов өз көзү менен көрүп кеткен. Анын жазышынча, уруу-уруу болуп, сай-сайларды бойлоп жашаган кыргыздардын ар бир боз үйүнүн жанында дайыма токулуу ат, даяр найза турган. Бир жактан шектүү караан көрүнсө, бүт айыл бир нече минуттун ичинде даяр болуп, жоого аттанчу экен.

Өзүнчө бир салтка айланган шайдооттук кыргыз элинин Саян-Алтай тоолорунан Памирге чейинки мейкиндиктеги нечен кылымдардан берки өздөрүнүн элдигин сактоо үчүн тайманбай найза тирешкен күрөштөрдө жетилген.

Бүт элдин тагдырын чечкен ошондой алгачкы окуялардын бирөө жана анын баатырлары жөнүндө эл оозунда аңыз кылынып улама сөз калгандыр; жомокко айланган тарыхый аңгеме улам кийинки окуялар менен толуктала бергендир.

Атадан балага, кылымдан кылымга өтүп келаткан элдин турмушун чагылдырган сюжеттүү кызык жөө жомокту ырчы-таланттардын бири поэмага айландыргандыр.

Ошентип, эпостун ырга айланышынын өзү да байыркы кылымдарга тийиштүү деп билебиз. Жакын арага чейин «Манас» эпопеясы жөнүндө эң байыркы кабар 1856-жылы кыргыздарга келип, эпосту кызыгып угуп, анын кээ бир үзүндүлөрүн жазып алып, анын мазмунун орусча жарыялаган Чокан Валихановго тийиштүү деп жүрчү элек. Эми, XVI кылымдын баш ченинде Ферганада турган ахсикенттик Сайф-ад-диндин жазган «Маджуму-ат-Таварих» аттуу тарыхый эмгеги табылгандан кийин «Манас» эпосу жөнүндөгү кабардын датировкасы дагы үч кылым арылады. Бул кол жазма түрүндөгү тарых китебине караганда, он эки жаштагы Манас XVI кылымдын экинчи жартысындагы окуяларга катышкан тарыхый адам болуп берилген. Манастын атасы Жакып, бабасы Каркара, тууган мекени да, эли да Талас экени, Манастын далай ирет жарадар болгону, бир мертебе калмактар тарабынан ууланганы айтылат.

Каркаралык кырк чоросун ээрчиткен баатыр Манас жекеме-жеке беттешүүдө элдешпес жоосу калмактардын кан Жолоюнун кардын жара сайып, душманды жеңгендиги билдирилет. Тарыхчы тарабынан эпостун айрым эпизоддорунун сюжеттери алынып, өз заманынын тарыхый окуяларына байланыштырганына караганда «Манас» эпосу ошол кезде эле кыргыздар арасында гана эмес, коңшулаш элдерге да атактуу экени байкалат. Демек, ошол XVI кылымда даңкы чыккан эпос катарында белгилүүболсо, «Манас» жомогунун пайда болуш мезгилин андан дагы бир нече кылым ары жылдырыш керек.

Эпостун чыгышына себеп болгон баскынчы жоолордон элди, мекенди коргоо тематикасына байланышкан баатырдыкты даңазалоо поэманын XVI кылымдагы вариантынын мазмунуна мүнөздүү экенин көрөбүз.

Атам заманынан бери эпостун мазмунунда баатырдык теманын өкүм сүрүп келатышы анын улам барган сайын көркөмдүү жана көлөмдүү болушуна себеп болгон. Эпоско берилген баатырдык өзү кыргыз элинин конкреттүү тарыхынан келип чыккан.

Ар түрлүү сырткы жана ички жоолордун тынымсыз чабуулдарынын мизин кайтаруу үчүн бирден бир курал баатырдык, ошол баатырдык аркасында эл өзүнүн элдигин сактап келди.

Эл уул-кыздарын тырмактайынан «эл четинде, жоо бетинде» тайманбай турууга, эрдикке тарбиялаган. Эр жүрөктүүлүк, чыдамкайлык, мекен үчүн курман болууга даяр сыяктуу сапаттар элдик духка айланган. Элдин ошол духуна жооп берген Манас баатыр жөнүндөгү алгачкы мезгилдеги бир гана бөлүмдөн турган чакан эле жомок улам барган сайын элдин тарыхындагы жаңы окуяларды аздыркөптүр ар түрдүү формада чагылдыруу менен катар, өзүнчө жашаган айрым поэмаларды (жомокторду) өзүнө улам кошуп алып отурган болуш керек. Мисалы, азыркы варианттардагы эпостун бир эпизоду катарында айтылуучу «Көкөтөйдүн ашы» алгачкы мезгилдерде кыргыздарга мүнөздүү аш берүү салтына арналган өзүнчө поэма болушу мүмкүн. Элдин үрп-адатын кең планда сүрөттөгөн этнографиялык мазмундагы поэмага кырк чоролуу Манастын персонаж иретинде киргизилиши аркылуу баатырдык эпопеянын бир чоң эпизодуна айланып кеткен. Манас ага персонаж катарында катыштырылгандыктан, мурунку этнографиялык эпизоддорго Кошой менен Жолойдун, Манас менен Коңурбайдын беттешүүлөрү сыяктуу көрүнүштөр кошулуп, ал жекеме-жектердин аягы чоң согушка айланып, «Көкөтөйдүн ашы» чоң чатактын башы болуп, поэмага баатырдык мүнөз берилген.

Эпостун көлөмүнүн арта бериши өз алдынча поэмаларды өзүнө сиңирип ала берүү менен гана эмес, ал ошону менен катар циклизациялана башташы менен да түшүндүрүлөт, б.а. баатыр атасы Манастын бүтүрө албаган иштерин анын баатыр уулу улантышы жөнүндө поэманын жаңы экинчи бөлүмү – «Семетей» поэмасы пайда болгон, кийинки эле мезгилдерде анын үчүнчү бөлүмү «Сейтек» жөнүндө поэма келип чыккан. Манасчылардын, алардын ичиңде Саякбай Каралаевдин да, Сейтектен кийин анын балдары Алымсарык менен Кулансарыктар жөнүндөгү сюжеттерди эске ала турган болсок, эпостун циклизацияланыш тенденциясы кийинки күндөргө чейин токтоло электигин байкайбыз.

Эпостун нечен кылымдардан бери жашап, анын улам арбып, улам өрчүп келиши, албетте, жалаң гана анын баатырдыкты даңазалагандыгында эмес. Ошону менен катар эпос элдин ар бир доордогу эл аралык абалын, көп кырдуу, миң сырдуу ички турмушун белгилүү даражада көркөм адабияттын ыкмалары менен чагылдырылгандыгына байланыштуу. Эпостогу мындай элементтер фольклористикалык илимде «тарыхый катмарлар» деп аталат. Эпос ар бир доордун тарыхый окуяларын, идеологиялык ишенимдерин чагылдырат. Элдик чыгарманын эч бир өчпөс касиети – баатырдыкты дайыма даңазалоо менен бирге элдин ар бир доордогу башынан өткөргөн маанилүү окуяларын, турмуштук жана идеологиялык өзгөрүштөрүн чагылдыруу аркылуу угуучулардын эстетикалык талаптарын канааттандырып келген. Ошондуктан «тарыхый катмарлардын» эпостон орун алышы толук закондуу көрүнүш деп түшүнүш керек.

«Манас» эпосунун негизги сюжеттик окуяларын талдап көрсөк, анын эришаркагын түзгөн окуялар өтө байыркы мезгилде, уруулук коомдун эң кийинки баскычы «согуш элдик турмуштун демейки функциясына айланган» (Ф. Энгельс) согуштук демократия доорун камтыгандыгы байкалат. Бул доор көчмөн элдерде көпкө чейин сакталган болуш керек.