Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Азгандын кара сүйлөшүн,

Арактын кара мүнөзүн.

Айкашканың Акеркеч,

Ага жандап жүрөсүң!".

Ала деңгил, акылы аз,

Абыдан Көкчө болгон мас.

Кээде келип эсине,

Анда-санда Алмамбет

Бир көрүнөт көзүнө.

Аңдап көргүн ар качан

Масчылыктын сөзүнө.

Акылдан тайып эр Көкчө,

Айтар кептин баарысын

Асили кирбей эсине.

Алмамбет шондо кеп айтат,

Ачууланып бек айтат:

"Арак деген ачкыл аш,

Акылдан танбай, аздап ич.

Акылдан тана ичкен соң,

Абийриңден азыр кеч!

Кымыз деген кыйгыл аш,

Кылыктан танбай, аздап ич,

Кылыктан танып ичкен соң,

Кызматыңдан туура кеч!

Төрөм, Көкчө, сен турсун,

Төшөгүң бассам, оңомбу,

Агам Көкчө деп коюп,

Арамдык кылсам, оңомбу?".

Алдырган экен ашына,

Көк сүлөөсүн кундуз бөрк

Көкчө ыргады башына.

Көй кашкага карады,

Көтөрүлө калганы.

Жана эсине бир келип,

Сөз айтууга жарады:

"Ачыгып чыккан арбаксың,

Бузулуп калган чарбаксың.

Калаба салып калкыма

Кайдан келген калмаксың?".

Ачуудан көзүн алайтып,

Алмамбетке карады.

"Каңгайдан келген калмакты

Кайт десеңер болбойбу?

Алда эмне сыры бар?

Арыз-абалы бар болсо,

Айт десеңер болбойбу?

Кекирейтпей Көкчөдөн

Кет десеңер болбойбу?

Жергесине калмактын

Жет десеңер болбойбу!".

Көкчө сүйлөп бул сөздү

Көбүнө көзүн салганы.

Көк жал Алмаң ошондо

Ачуусу келип калганы:

"Адам болбой жит, Көкчө,

Кара жер сорсун нээтинди.

Кара арак жуткан эсиңди,

Сенин карарткан кудай бетиңди!".

Алмамбет буга келгени

Аңдап угуп эр Көкчө

Айтты-койду дебеди.

Ата уулуна бир карап, 

Анда Көкчө кеп айтат:

"Кажылдатпай калмакты,

Көйтөрө кайт, деп койсоң

                                         болбойбу!

Кайтпас болсо калмакты 

Кара койдой сойбойбу,

Канын төгүп койбойбу!

Жумуранказ журт болбой,

Сураганын ал дечи,

Сурданбай жолго сал дечи.

Каалаганың ал дечи,

Бул кулду камсыкпай жолго сал

                                                    дечи!".

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.