Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Аркасын кимге тийгизди?

Кайраты болсо, казагың

Каспанга барса болбойбу!

Касташканың Коң төрө,

Кармаш кылса, оңбойбу!

Балбан болсо, казагың,

Жолойдун берип азабын,

Күрөшкөнүн жыкпайбы?

Үйүңө келген бир жалгыз,

Эзелде жазуу болбосо,

Аман-эсен чыкпайбы?

Жыгылууга жапжакын

Көрүп турмун өзүңдү,

Көк жал эрге сен айттың

Көөдөкчүлүк сөзүңдү".

Бул сөздү айтып салганы,

Көкчө баатыр бурулуп,

Катынга карап алганы:

"Баштабайт катын элимди,

Башынан билем эбиңди.

Башын жуткан жатыр деп,

Айрууга келген экенсиң

Алмамбет арам эриңди!

Соо койбосмун эриңди,

Соёрмун сенин териңди!

Акыры сенин көрөрмүн,

Айрып алар жериңди?".

Муну айтып Көкчө шылк этип,

Башы тийди жаздыкка.

Көзү жетти Акеркеч

Буудайык  кылган кастыкка.

"Ак кишини каралап,

Сак кишини жаралап,

Өмдөгөн* менен казагын,

Өлтүрсөң, устум болгонуң.

Өлбөй калмак кутулса,

Көрөрбүз да, туярбыз,

Көйтөрөң өргүй койгонун!".

Акеркеч айтып салганы,

Эсине келип эр Көкчө

Баш көтөрүп алганы.

Көрө сала кеп айтат,

Көкчө баатыр нени айтат:

"Кытайды кудай урабы,

Кылганы мага турабы?

Калмакты кудай урабы,

Катылганы турабы?

Кет дегенде не кетпейт,

Кезенип калмак не кектейт?

Чык дегенде не чыкпайт,

Чык деген кепти неге укпайг?!

Бетиме келген бу кытай

Бергени болсо албайбы?

Мени кармап олтурбай,

Пери урган жолго салбайбы!".

Каарданып Алмамбет

Ордунан турду октолуп,

Алмамбет түрүн көргөндө,

Ооз ачпай Көкчө токтолуп.

Колун Көкчө сунганы,

Колун алып Алмамбет,

Катуулап силкип турганы.

Силккенинде он колу

Үзүлүп кете жаздады.

Көк сүлөөсүн кундуз бөрк

Учуп түштү баштагы.

Арак аскан отуна

Анча-мынча чалдыкты,

Ага Көкчө ардыкты.

Акылы келип азыраак,

Абыдан чындап тардыкты.

"Кулду карма, муузда!" - деп

Көбүнө кылды жарлыкты.

Алмамбетти карасаң,

Ооздон жалын буркурап,

Көрүктөн чыккан жалындай,

Көздөн оту шыркырап,

Белгиси келди бетине,

Жанбай турган мүнөзү,

Жаман келди. нээтине.

Көөдөнгө урса, баш жарган,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.