Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Коржондогон капырсың!

Оң баштаган солбу, - деп, -

Оёнум Көкчө болду, - деп, -

Айтканымдай кылууга

Алып келгин колду!" - деп

Алмамбет колун сунуптур,

Алмамбетке кол берип,

Көтөрүп алып көөдөнүн

Көкчө баатыр туруптур.

Алмамбет колун кармады

Алда кандай болом? - деп,

Артын санап калбады.

"Көкчө, кызматым билбей

                                          кыйнадың,

Мээнетим билбей беттедиң,

Бекерче мени жектедиң!

Куру кетчү мен эмес,

Куба кетип малыңды,

Кутурупсуң, сен Көкчө,

Куп ченермин алыңды.

Укуругун шиш кылып,

Унутулгус иш кылып,

Керегелүү кең үйүң

Кериге жаңсай жыкпасам,

Кекенчим минтип чыкпасам,

Босоголуу боз үйүң

Боорго жаңсай жыкпасам,

Куюктуруп күлүңдү

Кумардан минтип чыкпасам,

Арманда кетет экемин,

Аяп сени нетемин!

Сурасам, бербес Көкала

Суурулуп ылоо минбесем,

Кааласам, бербес Көкала

Карматып ылоо минбесем,

Ийним тийбес Көккүбө

Көөдөнгө тээп чечпесем,

Алмамбет атым курусун,

Көкчө, сенден кечпесем!".

Алмамбет салды айгайды

Айбаты басып далайды.

Жыйырмасы бек, кыркы бий,

Кереге, уугу кычырап,

Буудайбектин тиккен үй

Чыдай албай көйбаатыр,

Чыгарга эшик жок болуп,

Кара чаар жолборстой

Карасаң Алмаң октолуп,

Көкчөдөн коркуп чыга албай.

Алда эмне кылат -   деп

Каарына алса, бул калмак

Баарыбызды кырат -деп,

Кыйгач карап кылтыйып,

Кылыч, бычак, канжары

Жеңинен учу кылтыйып,

Ата уулунан алтымыш,

Алмамбет турат жапжалгыз.

Айгайды кулак укканы,

Ата, чиркин кантет —деп,

Акеркеч басып чыкканы.

Дарайы көйнөк делбиреп,

Саамай чачы желбиреп,

Сөз айтууга ашыгып,

Түлкүдөй изин жашырып,

Ылдамдай басып ушундан,

Эр Көкчөнүн тушунан

Капшытын ачып алганы,

Акеркеч добуш салганы:

"Көкчө, баатыр, не болдуң,

Акылың кайда, жоголдуң?

Алмамбет сага не кылды?

Азган менен тозгонду

Алындырып эл кылды.

Келинге кете* кийгизди,

Керегин журтка тийгизди.

Кызыңа кызыл кийгизди,

Кызматын журтка тийгизди.

Калканчы болуп баарыңа,

Кутмандыгын билгизди.

Сенин ардактаган бийлериң

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.