Яндекс.Метрика

Алмамбет баатырдын Кокчого келип турушу

Эми бир, Көкчө, жөн айтчы,

Элиңде эркин мен жүрсөм,

Неликтен келди ачуунуз?

Канааттуу сөздү басыңыз!

Калбалуу арак алыңыз,

Кандайлыгын билбедим,

Кай түрдүү келген ачууңуз?

Кимге айтканың билбедим,

Кишинин баарын тилдедиң,

Казакка чыккан бар күчүң,

Калкыңа баттым сен үчүн.

Каным, Көкчө, жөн сүйлө,

Каардандың ким үчүн?!

Жамандык көрсөң, жайыңды айт,

Жашырбай журтка жайып айт!

Арамдык көрсөң, ачып айт,

Апторой журтка чачып айт!

Тийген болсо, тилимди айт,

Бир күнөөм болсо, билип айт!

Биле албасаң, эр Көкчө,

Жамандык сөздөн жанып айт!

Көргөнүң болсо, көрүп айт,

Көрө албасаң, сен Көкчө,

Көөсөрлүк сөздөн кайра кайт!

"Өлүк эмес, тирисиң,

Эрин эмес, тилимсиң.

Капа болсоң, кайгырам,

Кол тапшырган пиримсиң!

Антыңдан кайда качкансың?

Адам айтпас сөз айтып,

Айдаркан уулу, эр Көкчө,

Акылдан кандай шашкансың?!

Билгиздиң жакшы жолуңду,

Пир кылып турам колунду,

Билгизбей союп койсоңчу,

Минтип, калдайган топто

                                          какшатып,

Кайнатпай кара шорумду!

Урмат кыл, Көкчө, улугум,

Урушкандай сөз айттың,

Убайым тартып турумун.

Кайсы экенин билбедим,

Кастаганың мунунун?

Же түрдүү айткан кебиң, - деп -

Эсен-аман элиң! - деп

Каталык иштен таза элем,

Кыйшайсам айтып бергин?" -

                                                   деп, -

Алмамбет антип сурады,

Ата уулунун баарысы

Апкаарышкан убагы.

Ары баатыр, ары мас

Айдаркан уулу эр Көкчө

Азыркысын акылы аз,

Алмамбетке ичи кас.

Көкчөнүн кара сүйлөшүн,

Көргөзүп айткан күнөөсүн;

"Көңүлдөшүң Акеркеч,

Көптөн аңдып жүрөсүң.

Айткан ушул күнөөсүн,

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.