Яндекс.Метрика

Кириш соз

Орто Азияда жана Түштүк Сибирде жашаган калктардын ичинен эзелки тарыхта кабары чыгып келаткан байыркы элдердин бири кыргыздар. Көчмөн турмуштун жана башка ар түрдүү тарыхый кырдаалдардын натыйжасында Октябрь революциясына чейинки доорлордо кыргыз эли көзгө көрүнүктүү жазма эстеликтерди тарыхта калтыргандыгы азырынча: бизге маалым эмес. Бирок эмгекчил элдин кылымдар бою башынан өткөргөн нечен түрдүү кайгысы менен кубанычтары, тынчтык турмушу менен жоокерчилик күндөрү, эмгектин жыргалы жана душмандардан көргөн кордугу унутулуп калган жок. Булар жөнүндө эл кара сөз жана ыр түрүндө толгон оозеки адабияттык зстеликтерди түздү.

Кыргыз элинин оозеки адабияты формасы жагынан да, мазмуну жагынан да, көлөмү жагынан да таң каларлык бай, түгөнгүс кенч. Адам баласынын мамилелерине, анын табигатка көз карашына карата таамай айтылган макал-ылакаптар, афоризмдер; жаратылышты, жан-жаныбарларды билүүгө байланыштуу тамсилдер, табышмактар коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берүүнү көздөгөн санаттар, эмгекке, махабатка арналган лирикалык сонун ырлар; зкедимки турмуш менен фантазия аралашкан укмуштуу жөө жомоктор жана да оозеки адабиятты биз атабаган толуп жаткан башка түрлөрү, – мына ушулардын баары эмгекчил элдин чыгармачылык шыгынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол майда фольклордук формалар менен катар кыргыз эли оозеки адабияттын ири түрлөрүн да түзгөн. Булар – узак окуялуу чоң жомоктор, баатырлык эпостор. Эл ичинен чыккан сөзгө чебер, ырга шыктуу таланттар аларды бүт дээрлик ырга айланткан.

Композициялык түзүлүшүнө жана окуяларынын кеңири берилишине карай кыргыз эпосторун эки топко – чоң (улуу) эпос жана кичи (кенже) эпос деп – бөлүүгө болот. Кичи эпосторубуз "Кедей кан", "Эр Төштүк", "Эр Табылды", "Сарынжы-Бөкөй", "Курманбек", "Жаңыл-Мырза", "Кожожаш" жана "Олжобай менен Кишимжан" сыяктуу эпостор. Чон (улуу) эпоско үч бөлүмдүү (трилогия) "Манас" жомогу кирет.

"Манас" эпосунун сюжетин кара сөз менен кыскача жазганда да өзүнчө бир чоң китеп болот. Кенже эпосторду жомокчулар бир, эки кечте айтып бүтүрө алса, "Манас" бир нече жумалап, айлап айтылат. Эпостун көлөмдүүлүгү, биринчи кезекте, анын цивлизацияланышына байланыштуу, башкача айтканда Манас жөнүндө жомок бүткөндөн кийин анын уулу Семетей жөнүндө, ал бүткөндөн кийин Семетейдин уулу Сейтек жөнүндө генеологиялык аңгемелердин жаңыдан кайра айтылышына байланыштуу. "Манас" жомогунун көлөмүнүн барган сайын арбышынын башка да себептери бар. Манас жөнүндө пайда болгон баатырдык жомок алгачкы кездерде көп чоң эмес, чакан гана чыгарма болсо керек. Кийинчерээк, убакыт өткөн сайын, ал улам жаңы мазмуңдуу эпизоддор менен толукталып, эл оозунда өзүнчө айтылып жүргөн мазмуну жакын майда баатырлык жомокторду өзүнө магниттей тартып, кошуп алып, көлөмүн арттыра берген болуу керек. Ошентип, бара-бара "Манас" эпосуна деңизге куйган суулардай кошулуп кеткен мурунку өз алдынча жомоктор катарында Көкөтөйдүн ашы, Жолойдун, Кошойдун, Эр Төштүктүн ж. б. окуялары сыяктуу сюжеттүү аңгемелерди көрсөтүүгө болоор эле.

Назад 1 2 3 4 ... 346 Далее

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.