Яндекс.Метрика

Кириш соз

"Манас" эпосу - элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма. Сөзмөр кыргыздар женөкөй сүйлөгөндө да жамактатып, ырга айландырып кетет, ырды кыргыздар дүйнөдө искусствонун эң жогорку баскычы катарында карайт, деп өткөн кылымдын ортосунда академик В. В. Радлов жазып кеткен.

"Манас" эпосунун мааниси анын керкөм сөз искусствосунун жана миңдеген жылдардан бери өнүгүп келаткан элдик бай тилдин эстелиги экендигинде гана эмес. Анын тарыхый жана маданияттык мааниси да зор.

***

"Манасты" изилдөөчүлөрдүн бизге белгидүүлөрүнүн бири - казак окумуштуусу Чокан Валиханов өткөн кылымдын ортосунда эпоско төменкүдөй баа берген: "Манас" эпосу "бир убакытка келтирилген жана бир адамдын - Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыз мифтеринин, жомокторунун, ылакаптарынын энциклопедиялык жыйнагы. Бул - талаа "Илиадасы" сыяктуу чыгарма. Бул чексиз чоң эпопеяда кыргыздардын турмушу, салты, географиясы, диний жана медициналык түшүнүгү жана эл-аралык мамилеси орун алган". Бул чындыкка ылайык берилген илимий аныктамага кошулбай коюуга болбойт.

Күндөлүк жашоо үчүн нан, суу кандай зарыл болсо, маданияттуу элде китеп да ошондой зарыл нерсе. Кыргыз элинин революцияга чийинки маданияты китеп түрүндө болгон эмес. Бирок кагаз бетине түшкөн илими жана искусствосу болбогону менен, элдин чыгармачылык таланты өрчүй берген. Толгон макал, ылакаптар, ар түрдүү лирикалык, какшык, санат ырлар, жөө жомоктор, поэтикалык узак жомоктор, толгон-толгон күүлөр, музыкалык пьесалар, буюмдарга кылдаттык мөнен түшүрүлгөн нечен түрлүү оймо-саймалар жана искусствонун башка формалары да элдин нечен кылымдардан берки чыгармачылык тажрыйбасынын натыйжасы болуп саналат.

Мына ошол ар кыл элдик чыгармалардын ичинен элге өтө сүйкүмдүүлөрүнүн бири жана көрүнүктүүсү – "Манас" жомогу. Жүздөгөн жылдар бою кыргыздар учүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын жана экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарып келген.

Эпос – тарых эмес, бирок "Манас" эпосунун кыргыз элинан тарыхына тыгыз байлаиыштуу экенин танууга болбойт. Кыргыздардын башынан өткөргөн окуялуу доорлор, эл үчүн талыкпай кызмат кылган алдыңкы адамдардын образдары көркөмдүк формада жомоктон орун албай койгон жок.

Биринчи кезекте, эпосто этнографиялык фактылардын кең орун алгандыгын эске алуу зарыл. Анда айтылган негизинен мал чарбачылык менен  өмүр сүргөн көчмөн уруулар, алардын турмушу, аталышы жана өз ара  мамилелери, үй-бүлөнүн бир-бири менен болгон мамилеси, тамак-аштарынын, кийим-кечектеринин, үй-жайынын,  урунган курал-жабдыктарынын аталышы, аш-тойлордогу салт-жөрөлгөлөрү, адамдардан бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мунөздөрү, алардын диний ишенимдери жана да башка толуп жаткан фактылар элдин мурунку замандардагы психологиясын жана турмушун изилдөөдө табылгыс материал болуп саналат. Кыргыздарга мусулман дини кийинки тарыхта маалым.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.