Яндекс.Метрика

Кириш соз

Бирок андан мурун алар кайсы динде болгондугун билүү үчүн эпос кызык материалдарды берет.Эпостун көпчүлүк элдик варианттарында Манас жана анын чоролору ант бергенде,алардын оозуна пайгамбарлардын аттары кирбейт, алар "төбөсү ачык көккө", "төшү түктүү жерге", асмандагы айга, күнгө, караңгы түнгө жалынышат. Буга караганда, жомоктун чыгыш доорунда же андан кийинчерээк кыргыздар көп кудайлуу диний ишенимде болгондугун байкоого болот.

Монголдордо жана Түштүк-Сибирь түрк калктарында учураган "жай-таш" жөнүндөгү миф, Алтайлыктарда ушул күнгө сакталган кыз тоюнда чачыла берүү жөрөлгөсү сыяктуу "Манаста" орун алган фактылар шаманизмге байланыштуу экендиги белгилүү [С. М. Абрамзондун макаласын кара. "Советская этнографня", № 2, 1947, 66. 141—143.]. Аялдарынын сулуулугунда чек жок, бирок эркектери ит кейпинде экенин баяндоочу "Итаалы" жөнүндөгү миф Моңголдор менен Алтайлыктарда да учурайт.

Кейпин өзгөртүп, кубулуп кетүүчү жаныбарлар, адамга же атка канат бүтүп учуп кетүү, жер алдына түшүп кетүү, адам турүндөгү эбегейсиз зор күчтүү дөөлөр, укмуштуу перилер сыяктуу мифтер Орто-Азия жана Түштүк-Сибирь калктарынын фольклорунан көп учурайт.

Байыркы кыргыздар, башка элдер сыяктуу эле, коомдун балалык доорлорунда табигатка көбүрөөк байланыштуу болгон, бирок адамдын эс-акылы табигаттык кубулуштарды өз эркине багынтуу максатында иштеген, Зарыл болгондо күндү жаадыруу же токтотуу, канат бүтүп учуу, өлүмгө башы байланган адамды укмуштуу дары менен сакайтуу сыяктуу кыялдарды (фантазияларды) мына ошол умтулуштар менеи түшүндүрүүгө болот.

"Манас" эпосу кыргыз урууларынын өткөн кылымдардагы этнографиялык турмушунун жана мифологиясынын гана энциклопедиясы эмес, ал – кыргыз коомунун далай кылымдар бою башынан өткөргөн реалдык тарыхый окуяларын да көркөм чыгарма аркылуу билдирген баян болуп  эсептелет. Граждандык тарыхта кыргыздар жөнүндөгү маалымат биздин эрага чейинки II кылымдан, башкача айтканда эки миң жылдан да мурун башталат. Ошол убактан бери элдин башынан нечен түрдүү оорчулуктар, жабырчылыктар, ар түрдүү кезеңдер өттү, Бир жагынан, эмгекчил эл өздөрүнүн ичиндеги эзүүчүлөрдөн, мисалы эпостогу Көбөш кан сыяктуу мыкаачы кандардан, зулумдардан жабыр тартса, экинчи жагьнан, элди талап, чаап кетүүчү баскынчылардан кордук көргөн. Бул жерде биз, асиресе байыркы жана орто кылымдарда Борбордук Азиядагы көчмөн уруулардын байыр алып бир жерде турбастан, биринин жерине бири өтүп, биринин малын экинчиси талап, чаап алып турганы жооперчилик доорду эске алышыбыз керек. Бул окуялардын саркындысы, мисалы кыргыздар менен казактардын, кыргыздар менен текестик калмактардын ортосунда, кыргыз урууларынын эле өз арасында жылкы тийип кетүү сыяктуу барымтачылык фактылары, кечээки эле убактарга чейин, Россияга кошулганга чейин орун алып келгендиги белгилүү. Мындай окуяларда оорчулук биринчи иретте калың эмгекчилердин башына түшкөн; бүт эл жабыр тартып, кызыл кыргынга учураган. Өткөн кылымдын биринчи жартысында эле орун алган, орустун саякатчы окумуштуусу П. Семенов-Тяншанский жазып кеткен сарбагыштар менен  бугулардын Жуукудагы кызыл кыргыны буга ачык далил боло алат.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.