Яндекс.Метрика

Кириш соз

Кара кытайлар тарабынан мамлекеттиги талкалангандан кийин кыргыз урууларынын саясий жагынан баш кошкон бирдиктүү күч болгондугу азырынча тарыхта белгисиз. Мындан кийин моңголдорго, калмактарга, манжууларга ж. б. каршы күрөшкөндө кыргыздар бирин-серин уруулардын гана башын кошуп, каршылык кыла алган. X кылымдан кийин азиялык тарыхта кыргыздардын аты чыкпай калышы, чыкса да, күңүрт угулушу мына ушуга байланыштуу.

Ошентип, байыркы кыргыздардын бирдиктүү мамлекет болуп, күчү толуп турган кезде (IX-X к.к.) баскынчылык кылган кара кытайлардан жапаа тартышы, бытырандылыкка, бүлүнчүлүккө жана калың кыргынга учурашы байыркы "Манас" жомогунун чыгышына себеп болушу мүмкүн. Албетте, X кылымдан бери кыргыз уруулары башынан өткөзгөн унутулгус тарыхый окуялар, мисалы моңголдордун үстөмдүгүнө каршы төрт ирет көтөрүлүш чыгарышы (XII–ХШ к.к.) [С. Б. Киселев. Древняя история Южной Сибири. М., 1951, б. 564.], андан кийин ойроттордун, калмактардын, манжуулардын эзүүсүнө каршылык көрсөткөн кыймылдар да, эпостон орун албай койгон эмес.

Жазылып турган тарых китеби болбогон элде бир нече кылым мурун өткөн окуялар барган сайын унуткарылып, кийинчерээктеги окуялар көбүрөөк эскериле тургандыгын унутпоо керек. Мына ушул көз менен караганда, кыргыз урууларынын жанына өтө батаарлык кордук көрсөткөн соңку жоо – жуңгарлар (калмактар) болгондуктан, алар жөнүндөгү аңгеме эпостон көбүрөөк орун алып, андан мурунку окуялардан билинээр билинмексен гана из калгандыгы толук закондуу иш.

"Манас" жомогунун чыгышы жөнүндөгү үчүнчү божомолдун авторлору эпоско кошулган ошол кийинки тарыхый маалыматтардын көбүрөөк орун алышына гана таянышат да, жомокто учураган андан мурунку тарыхый фактыларга баа беришпейт. Ошону менен катар, "Манас" эпосун жунгар чабуулдары кезинде (XVI–XVIII к.) Тянь-Шанда жашаган кыргыздар чыгарган болсо, андан бир нече кылым мурунку кыргыз урууларынын баштан өткөргөн окуялары (Алтайдан Ала-Тоого көчүшү, кара кытайлар менен согушу ж. б.) жана XIV–XV кылымдарга чейин кыргыздар жашаган географиялык пункттар (Алтай, Кангай. б.) кайдан келип эпостон орун алып калды – деген сыяктуу суроолорго үчүнчү божомолдун авторлору эч жооп беришпейт.

Кыргыз элинин тарыхында эң эле чечүүчү кырдаал болгон кара кытайлардын чабуулу "Манас" жомогунун чыгышына себеп болуп, андан орун алганын туура деп тапсак, эпостун жашы бир миң жылга таяп барат.

***

Оозеки элдик чыгарманын китептегидей туруктуу тексти болбойт. Өзгөчө "Манас" сыяктуу узак жомоктун кылымдар бою оозеки түрдө гана жашап келиши анын аздыр-көптүр өзгөрүлүшүнө себеп болгон. Аны айткан жомокчулар өз заманындагы окуялардын жана өкүмдүк кылуучу идеологиянын элементтерин киргизбей койгон эмес. Мындай элементтердин киргизилиши да, жомокчунун ар бир маселеге жеке көз карашына жана жомокту угуучулардын жалпы талабына жараша болуу тийиш. Ар бир доордун жомокчусу өзүнө таасир келтирген окуяларды, идеологиялык мотивдерди өз түшүнүгүнчө жана чыгармачылык шыгына жараша эпоско жамады, катмарлады. Ошондуктан илгерки  шаманизм жана көп кудайга табынуучулук ишеними менен катар кечээки эле исламдык диндин эпостон орун алышын оозеки адабияттын өнүгүш процессиндеги табигый нерсе деп кароо керек. Мына ошол кийин киргизилген кошумча элементтерге фольклористикада "катмарлар" деген термин колдонулат.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.