Яндекс.Метрика

Кириш соз

"Манаста" айтылган ар түрдүү окуялардын жана мотивировкалардын кайсылары анын негизине, эриш аркагына тиешелүү экендигин жана кайсылары "катмарлар" иретинде караларын аныктап билүү үчүн, эпостун элде айтылып жүргөн варианттарын мүмкүн катары толугураак жыйнап, аларды терең изилдеп чыгыш керек.

"Манас" эпосун жыйноо жана изилдөө иши өткөн кыльмдын ортосунда, түндүк кыргыздар Россияга кошулгандан кийин, орус окумуштуулары тарабынан башталды. Прогрессивдүү орус илимпоздорунун жардамы жана тарбиясы аркылуу европалык маданиятка ээ болгон казак окумуштуусу Чокон Валиханов 1850 жылдары атайын тапшырма менен Синцзянга өтүп баратып, кыргыздарга токтолуп, "Манас" жомогу менен таанышкан. Жогоруда келтирилген баага караганда, ага "Манас" чоң таасир кылган болуу керек. "Манас" поэмасынын бир эпизодун, атап айтканда "Көкөтөй кандын ашын" жомокчунун оозунан жазып алдым, - деп жазат Ч. Валиханов. Балким, бул кагаз бетине түшүрүлгөн кыргызча биринчи сөз болуу мүмкүн. Окумуштуунун "жазып алдым" деген текстти, тилекке каршы, алиге архивден табыла элек. Ч. Валиханов өзүнүн "Очерки Джунгарии" деген эмгегинде "Манас" жомогунун кыскача мазмунун гана орусча жарыялаган, ал эми "Көкөтөйдүн ашы" бөлүмүнүн орусча котормосу окумуштуунун архивинде сакталгандыгы бизге маалым.

Ч. Валиханов уккан вариантка караганда, Жакып куда болуу үчүн Кара кандын айлына барганда, ал өзүнүн кызын (Каныкейди) букаранын уулуна берүүнү ыраа көрбөйт, Ошондуктан Каныкейди Манас күч менен тартып алат. Көкөтөйдүн айлы Ташкент тарабында эмес, Ысык-Көл, Кара Эртиш, Алтай жана Хинган тоолору жакта болот. Көкөтөйдүн ашындагы чатакта зордук-зомбулук көрсөткөн Коңурбай менен Жолойлорду Манас өлтүрөт; Манас өзү Нескара колдуу болуп каза табат. Бул өтө кызык варианттын толук жззылып бизге жетпегендиги абдан өкүнүчтүү.

Мындан кийин түрк урууларынын тил, адабият үлгүлөрүн жыйноочу жана изилдөөчү орус окумуштуусу В. В. Радлов эки мертебе – 1861 жылы Текестеги, 1869 жылы Чүйдөгү кыргыздарга келет. Ал да "Манаска" кызыгат, жомокчунун оозунан орус альфавитине ылайыктаган транскрипция менен кыргызча жазып алып, 1885 жылы Санк-Петербургда кыргызча жана немисче, ар бирин өзүнчө том кылып жарыялап, дүйнөлүк илимди кыргыз эпосу менен тааныштырат.

Радлов жазып алган вариантта кээ бир окуялардын анчалык өнүкпөгөндүгү, ырларынын көп көркөм эместиги жана сюжеттик жактан да байкалган кээ бир түшүнүксүздүктөр жалаң гана жомокчунун талантынан эмес, поэманы кагазга түшүрүүдөгү өзгөчө шартка да байланыштуу болуу керек. Окумуштуунун өзүнүн көрсөтүүсү боюнча, жазып жаткан киши кыргыз тилин жетик түшүнбөгөндүктөн, жазып алуу процессинде манасчыга улам-улам суроо бере берүү натыйжасында ырдын сапаты бир кыйла кемиген.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.