Яндекс.Метрика

Кириш соз

***

Сюжети мурунтан элге тааныш жомокту анын белгилүү каармандарына, алардын атактуу курал-жарактарына, кийим-кечектерине, тулпарларына жана дайыма эскерилүүчү жан-жаныбарларга берилип жүргөн туруктуу эпитеттерди пайдаланып, ар бир доордун таланттуу адамдары ыр менен күүгө салып айтып келген. Эпостун көркөмдүк сапаты, көлөмү, идеялык деңгээли жомокчунун чыгармачылык шыгына жараша болгон. Кээ бир жомокчулар мурунтан тааныш сюжетке да, айрым себептер менен, жаңы эпизоддор кошкондугу же кээ бир окуяларды түшүндүрүүдө жаңы мотивдер киргизгендиги белгилүү. Мындайча айтканда, эзелтен келаткан традициялык жалпы сюжеттик теманын айланасында аңгеме  жасалганы менен, манасчылардын эмгеги өз алдынча чыгармачылык мүнөзгө ээ деп айтууга болот.

Мына ошондуктан ар бир манасчы өзүн "чыгармачыл адаммын" деп сезип, өзүнөн  мурунку жомокчулар анын чыныгы устаты болсо да, алардан үйрөнүп таалим алгандыгын көп эскере бербейт. Кайта, өзүнүн чыгармачылык шыгын, жомокчу болуп калышын түшүндө Манастын "арбагы дааруу" менен түшүндүрүү – манасчылар үчүн эрежеге айланган. Эпосту изүүлдөөчүлөрдүн (М.Ауэзовдун, К.Рахматулиндин ж. б.) материалдарына караганда, бизге белгилүү ар бир манасчы эпосту айтуудан мурун таланттуу жомокчулардан таалим алгандыгы байкалат. Мисалы; биздин заманыбыздын Гомери, азыркы манасчылардын эң күчтүүсү жана таланттуусу Саякбай Каралаев, өзүнүн айтуусуна караганда, бала чагында эле Манас жөнүндө жөө жомокту энесинен угуп, ага кунт коёт. Тестиер бала байга койчу болуп жүрүп, өзүнүн чыгарган ырларын ырдайт. "Манаска" кызыккан, ырга шыктуу Саякбай жыйырманчы жылдары атактуу Чоюке менен көп жылдар бирге жүрүп, андан көп таалим алгандан кийин гана, өзү "Манасты" айта баштайт. Кыргыз Академиясынын фондусунда Саякбай Каралаевден жазылып алынган жарым миллион сапка жакын "Манас" эпосунун үч бөлүмү бар.

1925 жылда каза болгон таланттуу Чоюкенин кайсы манасчынын шакирти болгону азырынча маалым эмес. Бирок өткөн  кылымдын ортосунда жашап, жомокчулук даңкы чыккан, "Манастын" үч бөлүмүн 30 күн катары менен айткан Тыныбек Жапиев, ата-бабасынан бери жомокчулук кесибин кылган Найманбай Балыков сыяктуу манасчылар Чоюке менен бирге жүрүп, эл кыдырып, "Манас" жомогун айтышкан.

Тажрыйбалуу жомокчулардан таалим алуу менен катар, манасчылардын кээ бирөөлөрүнүн ата-бабасы да эпос айтууну кесип кылып келгендиги белгилүү. Өз убактысынын эң таланттуу манасчысы Сагымбай Орозбаков жомокту биринчи кезекте өзүнүн бир тууган агасы Алишерден уккан. Кийин жашынан куудул ыр жана кошок чыгарып жүрүп, өзү манасчы болот. Сагымбай бирге ээрчип жүрүп, атактуу манасчы Келдибектен, Балыктан, Тыныбектен таалим алган. Сагымбайдан эпостун биринчи бөлүмү бүт жазылып алынган. 1930 жылы анын каза болушуна байланыштуу, андан жомоктун башка бөлүмдөрү жазылбай калган.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.