Яндекс.Метрика

Кириш соз

"Семетей" бөлүмүн жаздыргандан кийин, 1942 ж. каза болгон манасчы Жаңыбай Кожокеевдин атасы да, чоң атасы  да, бабасы да манасчы же семетейчи болгондугу маалым. Айтор, кыскасын айтканда, манасчылардын баарынын тең "кереметтүү түш көрүү натыйжасында эпосту айтып калдык" дегени менен, чындыгында, эч бир манасчы эч кимден укпай, таалим албай туруп, "Манасты" айткан эмес. Мына ошондуктан жомокчулук кесип чыгармачылык шыктуулукка негизделген жана укумдан тукумга өтүп келаткан кесип деп билүү керек. Албетте, жомоктун сюжеттик окуяларына абдан кызыгын, аларды деталдарына чейин жадысына түйүп, дайыма көз алдыга келтирип, ойлонуп жүргөн адамдын түшүнө Манас же анын чоролору кирүү ыктымал. Бирок, манасчы болуп калууну жалаң муну менен гана түшүндүрүүгө болбойт.

Жазылып калган тарых болбогондуктан, биринчи манасчы ким экендигин, албетте, белгисиз. Бирок Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсан ырчы дегенди, Манастын кырк чоролорунун бирөөн "Ырамандын ырчы уулу" деп айтылышын эске албай коюуга болбойт. Мындан бир нече кылым мурун "Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы" болгон экен деген ылакап чындыкка туура келсе да, алардын кайсы доордо өткөндүгүн билүү кыйын. Жомокчулар жөнүндөгү тагыраак маалыматтар XIX кылымдан ары кетпейт. XIX кылымдын башында жашаган манасчы Келдибек жөнүндө жомокко айланган кабар бар. Анын мыкты жомокчу экенин көтөрүп айтуу үчүн, "Келдибек "Манас" айтканда үй солкулдап, борошо уруп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган экен" деген имиш айтылат. Андан берки кабар – манасчы Келдибектин замандашы Балык (Бекмурат) Кумаров жөнүндө.

Манасчылар эпосту айтуудан мурда өзү далай ирет башкалардан уккан жомоктун сюжеттик эришин, негизги каармандарын, алардын туруктуу эпитеттерин эске аябай түйөт. Андан кийин айрым каармандар жөнүндө, алар катышкан кичине эпизоддор жөнүндө алгачкы убактарда өз ичинен машыгуу иретинде күңгүрөнүп айтат, андан кийин гана элге угуза баштайт. Кээ бир жомокчулар эпостун айрым эпизоддорун айтуу менен гана чектелген. Акындыгы күчтүүрөк жомокчу жыл сайын улам машыгып, улам арбытып отуруп, кийин эпостун бир бөлүгүн толук айта турган болгон. Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.

Академиянын фондусунда, толук  эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстан территориясында жашаган сексенден ашуун улгайган жана жаш манасчылардын тизмеси бар. Булардын бир катары – эпостун айрым бөлүмдөрүн же кээ бир эпизоддорун гана аткарган адамдар. Манасчы, семетейчилерден жазылып алынып, Кыргыз Академиясынын фондусунда сакталган вариантарды санап өтөлүк: Саякбай Каралаевден -эпостун үч бөлүгү; Сагымбай Орозбаковдон - эпостун биринчи бөлүмү толук; Шапак Ырысмендеевден – "Семегей", "Сейтек" жана "Манастын" айрым эпизоддору; Тоголок Молдодон – "Семетей", "Сейтек" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жаңыбай Кожокеевден – "Семетей"; Молдобасан Мусулманкуловдон – "Сейтек", "Семетей" жана "Манастын" үзүндүлөрү; Жакшылык Сарыковдон – "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнөн үзүндүлөр; Акмат Ырысмендеевден – "Манастын", "Семетейдин" эпизоддору; Багыш Сазановдон – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Тыныбектен – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү; Алмабек Тойчубековдон – "Семетейдин" үзүндүлөрү; Ыбрай Абдырахмановдон  -  эпостун айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.