Яндекс.Метрика

Кириш соз

Жогорудагы пикирди кубаттоо иретинде эпостун тилине байланыштуу бир эле фактыны көрсөтө кетели.

Ар бир элде адамдардын ысымдары өкүмдүк кылган динге байланыштуу боло тургандыгы белгилүү. Мисалы, балдардын аттары орустарда христиан динине, кыргыздарда мусулман динине байланыштуу сөздөрдөн коюларын азыр эч ким элебейт. "Манастын" биринчи бөлүгүндө учураган жүздөгөн персонаждын аттарын алып көрсөк, эки-үч аттан башкасы (мисалы Алмамбеттин аты „альмугаммед" деген араб сөзүнөн чыгат) бүтүндөй дээрлик араб сөздөрү эмес, түрк-моңгол сөздөрүнөн коюлган. Буга караганда эпосто ушул күнгө чейин аталып жүргөн оң жана терс каар-мандардын көбү ислам дини кыргыздарга тарай электе айтылып жүргөн персонаждар болуу ыктымал.

Мына ошондуктан Сагымбайдын варианттарындагы, элдик идеялар менен катар, исламдык, ал тургай, панисламдык мотивировкаларды, Манастын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду, Саякбайдын вариантындагы Чубактын Меккеге жиберилиши сыяктуу эпизоддорду "Манас" эпосунун негизги духуна, сюжеттик негизине байланышпаган, жасалма кошумчалар, катмарлар деп кароого тийишпиз. Ал эми Молдобасан Мусулманкуловдун Манасты бүт дүйнөгө ислам динин таратуучу бирден бир пайгамбар кылып көрсөтүүгө аракет кылышы элдик чыгарманы опсуз бузгандыкка жатат.

Эпостун варианттарында динден башка да идеологкялык катмарлар орун алган.

Россияда капитализмдин өнүгүшүнө жана революциянын жакындашына байланыштуу, асиресе XIX кылымдын аягында жана XX кылымдын башында түрк калктарынын буржуазиялык элементтери баш көтөрүп, дин кызматчылары жана буржуазиялык интеллигенттер аркылуу пантүркисттик идеяны таратат. Бул идея кыргыздардын бай-манап, бий-болуш, динчил молдолор чөйрөлөрүнүн максатына туура келип, үстөмдүк кылуучу идеологиясына айланат. Кыргыздар арасында мусулман динин күчөтүп, панисламдык идеологияны таратууда Кокон кандыгы өзгөчө роль ойногондугу тарыхый адабиятта кенен көрсөтүлгөн [История Киргизии. Фрунзе, 1956, том 1, б.185-200.]. Манасчы, семетейчилер жалаң  гана эмгекчи элдин ортосунда эмес, бай-манаптар арасында да жомок айта тургандыктан, ал илдет саясий сезими тайкы жомокчуларга да аз-аздан жуга баштайт.

Бийлөөчү таптын өкүлдөрү элге каршы реакциячыл пантүркисттик панисламисттик идеяларды таратуу үчүн оозеки эл чыгармачылыгын, биринчи кезекте, эл арасына көп таралган эпосту пайдаланат. Ошонун натыйжасында таланттуу акын-жомокчу Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы сыяктуу, Манасты дүйнөгө ислам динин таратуучу, бүт түрк элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө багытталган жана эпостун духуна эч кандай сыйышпаган жат мотивировкалар келип чыгат. Манастын колунун Индияга чейинки Түштүктү көздөй, Европага чейинки Батышты көздөй чабуул жасоосу, Орто Азияны бүт чаап алуу сыяктуу, мурун эпосто болбогон эпизоддор пайда болот. Панисламисттик, пантүр-кисттик идеяларды таратууну көздөгөн мотивировкаларды башка жомокчулардын варианттарынан да аздыр көптүр учуратабыз. Ал тургай, Тоголок Молдо да өзүнүн вариантында Манасты түрк жана монгол элдеринин башын кошуучу каарман кылып көрсөтүүгө тырышканын байкайбыз.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.