Яндекс.Метрика

Кириш соз

Элдик чыгарманын сюжеттик эришине сыйбай оркоюп турган мындай катмарлар алынып ташталса, жомок артыкбаш жүктөн кутулуп, ого бетер көркүнө чыга түшөөрүнө эч кандай шек жок. Жат мотивировкалардан, чоочун идеялардан эпосту арылтуу милдети бир нече варианттын башын кошуп, бириктирилген вариант жасоодо абдан чоң мааниге ээ болот. Өтө көп татаал эмгекти жана убакытты талап кыла тургандыктан, бириктирилген толук вариант жасоо жумушу келечектеги чоң мнлдет. Элге өзү чыгарган укмуштуу сонун эпосту тезирээк китеп түрүндө бастырып берүү үчүн, азырынча кыскартылып бириктирилген вариант түзүүгө туура келди.

Мындай вариантты жасоо үчүн аны түзүүчүлөр эпостун ар бир бөлүгү боюнча жомокчулардан жазылып алынган варианттар менен толук таанышып, жомоктун сюжеттик эришин түзгөн негизги окуялар кайсы жана жат идеялардын таасири менен кошулган эпизоддор кайсы экенин иликтешти. Бул жагынан ушул күнгө  чейинки эпоско байланыштуу жазылган илимий эмгектер, 1952 жылы өткөрүлгөн дискуссия көп жардам берди. Кыскартылган вариантты түзүүчүлөр – К.Маликов, А.Токомбаев жана Т.Сыдыкбековдор оор милдетти ийгиликтүү аткаруу үчүн көп жылдардан бери эмгек сиңиришти. Бул иште биринчи кезекте эпостун толук жазылган варианттарына, Саякбай менен Сагымбайдын варианттарына көңүл көбүрөөк бурулду.

Кыргыз урууларынын тынчтык турмушуна кол салган жоолордон коргонуу, ошого байланыштуу элдин башын кошууга багытталган аракеттер, элдик каармандардын баатырлыгын даңазалоо, элдин боштончулугу жана жыргалчылыгы үчүн, эл үчүн, мекен үчүн курмандыкка даяр болуу, кадиксиз достук, айныбас мухабат, адилеттүүлүк, баатырлык, амалкөйлүк, каардуу табигат менен күрөшүү сыяктуу жалпы адамзаттык идеялар элдик эпостун идеялдык негизин түзөт. Мына ушундай мотивировкалардын, темалардын негизинде түзүлгөн эпизоддор жана окуялар элдик эпостун ажырагыс элементи катарында каралды.

Ушул принцип менен алганда Саякбайдьн вариантынын сюжеттик эриш-аркагы чындыкка жакыныраак экендиги байкалды. Саякбай эпосту тынч жаткан кыргыздарга Алооке кандын баскынчылык менен кол салып, кыргыз урууларын ар тарапка сүрүүдөн баштайт. Мунун натыйжасында Алтайга жер оодарылып барган кыргыздардын бири болгон Жакыптын байбичесинен – Чыйырдыдан кыргыздардын келечектеги таянычы  баатыр Манастын төрөлүшү шартка ылайык, табигый окуя болуп көрүнөт. Манас төрөлө электеги түшкөрүү, Манастын төрөлүшү, анын балалык чагы, Манастын Кошойго жолугушусу, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого келиши, Алооке кандын Таластык кыргыз урууларына жана Шоорук кандын алайлык кыргыз урууларына кол салышы, өз элинен кеткен Алманбеттин Көкчөгө барып, андан Манаска келиши, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көзкамандардын чыккынчылыгы, Көкөтөйдүн ашы, Чоң, казат сыяктуу (эпизоддор – бүт элге эбактан белгилүү жана фондудагы варианттардын көпчүлүгүндө (ошонун ичинде Саякбай менен Сагымбайдын варианттарында да) учураган эпизоддор. Элдик "Манас" эпосунун биринчи бөлүгүнүн негизги сюжеттик сызыгын түзгөн орчундуу темалар мына ушулар болуп саналат. Ошондуктан бириктирилген вариантта ошол сюжеттик сызык, өзүнө ылайыктуу идеялык мотивировкалары менен, негизинен Саякбайдын варианты боюнча . алынды. Анын вариантындагы Чубактын Букарга жасаган чабуулу сыяктуу эпизоддор, айрым каармандарды агрессивдүү, панисламдык, пантүркисттик духта көрсөтүүгө багытталган ыр сабактары, эпостун негизги мазмуну менен байланышпай турган дат иретинде, алынып ташталды.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.