Яндекс.Метрика

Кириш соз

Каармандардын келбетин, эрдигин мүнөздөгөн дайыма колдонулуучу туруктуу эпитеттерди сактап калуу менен катар, жер суунун, тулпарлардын, курал-жарактардын кайталантып айтылган сүрөттөрүн кыскартуу аркылуу жана согуштук кыймылдардын өтө окшош жерлерин кемитүү аркылуу сюжеттик окуялардын динамикасын (жандуулугун) бир аз күчөтүүгө түзүүчүлөр да, редколлегия мүчөлөрү да көп аракет кылышты. Айрым эпизоддорду киргизүү же киргизбөө маселесин чечүүдө эпостун биринчи бөлүмүнүн баатырлык мүнөзүнө окуялардын жооп бере ала тургандыгы эске алынды. Ошондуктан согуштук эпизоддорго көбүрөөк орун берилип, "Чоң казат" сыяктуу абдан көлөмдүү баатырдык окуя киргизилди.

Кыскартылып бириктирилген вариантыбызда жомоктун биринчи бөлүгүнө караганда анын экинчи бөлүгү "Семетей" сюжеттик жагынан жыйынтыктураак, тыканыраак болуп, окуялары бири-бирине уланып, тыгыз байланышкан түрдө берилди. Иштин мындай ийгиликтүүрөөк болушу жалаң гана бул бөлүмдү түзгөн эл акыны Аалы Токомбаевдин фондудагы варианттарды тереңирээк изилдөө аркылуу өз бөлүмүн кураштырууда олуттуу эмгек сиңиришинен гана эмес, "Семетей" жомогунун оозеки жашашындагы кээ бир өзгөчөлүктөр менен да түшүндүрүлөт. Ал өзгөчөлүктөрдүн негизгиси - идеялык жагынан алганда, жомоктун баатырдык мунөздөгү "Манас" бөлүгү башка бөлүктөрүнө караганда кийинки идеялык катмарларга көбүрөөк дуушар болгондук. Ар бир доордун реакциячыл элементтери өздөрүнүн идеялык көз караштарын таратуу максатында эпостун эл арасына көбүрөөк тараган баатырлык эпизоддорун, биринчи иретте Манас катышкан окуяларын көбүрөөк пайдаланууга тырышкандыгы өзүнөн өзү түшүнүктүү. Жат идеялык катмарлардын көп жугушу бирик-тирилген варианттын өзгөчө биринчи бөлүгүнүн түзүлүшүн татаал ишке айлантты.

Мындан эпостун "Семетей" бөлүгү элге аз тараган деген корутундуга келүүгө болбойт. Баатырдык окуялары боюнча биринчи бөлүктү кайталоого (мисалы Коңурбай менен болгон согуш) карабастан, "Семетей" жомогун да эл сүйүп, көп айттыра турган. Бирок анын баатырдык мүнөзү менен катар бара-бара романтикалык мотивдердин жана лирикалык күүлөрдүн күч алышы, ошону менен катар жомоктогу баатырдык окуялардын көпчүлүгү элди басып алуучу жоолорго каршы күрөшүүгө арналбай, элдин өз ичиндеги душмандар менен күрөшүүгө байланыштуу болушу жомоктун бул бөлүмүнө идеялык катмарларды сиңирүүгө анчалык оңтойлуу шарт түзбөгөн деп, болжолдойбуз. Ошондуктан "Семетейдин" фондудагы варианттары жомоктун негизи боюнча гана эмес, анын жалпы сюжеттик окуялары жагынан да, түзүлүшү жана мазмуну жагынан гана эмес, көпчүлүк деталдары жагынан да бири бирине бир кыйла окшош экендиги байкалат.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.