Яндекс.Метрика

Кириш соз

***

Жогоруда көрсөтүлгөн идеялык катмарлар эпостун элдик мүнөзүн буза алдыбы же жокпу? – деген суроо туулат. Алар эпостун элдик мүнөзүн буза алган жок деп чечкиндүү жооп берүү керек. Бийлөөчү уруучул-феодалчыл чөйрөлөр элге жат идеологияны жомокко сиңирүүгө канчалык далбаса кылса да, панисламдык,  пантүркисттик,  баскынчылык идеялар монолиттүү чыгарманын идеялык негизин бузарлык түрдө анын сөөгүнө жетип, канына сиңе алган эмес. Алар чулу темирдин үстүн баскан дат сымалдуу нерсе бойдон гана кала берген. Эпостун биз жогоруда көрсөтүп кеткен негизин түзгөн элдик идеялар бардык варианттарында сакталып калган. "Манас" эпосу дегенде элдин көз алдына эл үчүн башын дайыма курмандыкка байлаган, баскынчы жоону жеңгич, кажыбас кайраттуу, туруктуу каармандардын элеси келет. Дарыядай чоң, баатырлык эпопеянын ар кайсы жерине киргизилген жат идеялуу айрым ырлар, айрым эпизоддор жомоктун элдик касиеттерин буза алган эмес. Ошондуктан эпосту жат идеялдуу катмарлардан арылтууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Фондудагы варианттардын ичинен ар түрдүү идеялык илдеттерге дуушар болгон Сагымбайдын вариантында да ал жасалма түрдө  киргизилген катмарлар оркоюп көрүнүп тургандыгын, алардан ал вариантты тазартуу кыйын эмес экендигин аны терең изилдеген профессор Муктар Ауэзов өзүнүн эмгегинде таамай көрсөткөн [Кыргыз Ил. Ак. фондусу, инв. № 1148, б. 64.].

Албетте, эпосту ал катмарлардан арылтуу жумушу оңой иш эмес. Бул үчүн каармандарга берилген мүнөздөмө иретиндеги ырлардын, алардын жеке турмушун, кылык-жоругун. жана коом ичинде иштеген аракеттерин сүрөттөгөн ырлардын арасындагы жат идеялдуу бир катар саптарды, кээде айрым үзүндүлөрдү билгичтик менен кыскартуу гана жетишсиз. Кайсы бир учурда ал идеялар каармандардын аракеттеринин мотивировкасы, себеби катарында киргизилген. Мындай болгондо, ал мотивировкалардын башка варианттарда кандайча берилгендигин издеп таап, салыштырууга туура келет. Мисалы, Сагымбайдын вариантында Алмамбеттин өз элинен кетишине жападан-жалгыз мотив иретинде анын мусулман динине өткөндүгү көрсөтүлсө, Саякбайдын вариантында динден башка да мотивировкалар бар: Эсен кандын Алманбетке сураган кандыгын бербегендиги, анын атасынын "Канжайлак" деген жайлоосун Конурбайдын тартып алышы сыяктуу себептер да көрсөтүлөт. Сагымбайдын варианты душман менен болгон согушта жеңилгендерди мусулман динине киргизүү менен аяктаса, Саякбайда, эпостун каармандары динге берилгендигине карабастан, панисламдык идеяга үгүттөө анчалык байкалбайт.

 

 

© Copyright 2004-2023. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены. Политика конфиденциальности.  Privacy Policy.