Яндекс.Метрика

Кириш соз

Бул реакциячыл идеяларды пропагандалоо үчүн, алгачкы иретте, эпостун баатырлыкты эң күчтүү сүрөттөгөн биринчи бөлүмүн – "Манас" бөлүгүн пайдаланууга аракет жасалган. Тоголок Молдонун вариантында Семетейге Индия менен Францияны чаап алдырууга багытталган далбасага караганда, эпостун "Семетей" бөлүмү да баскынчылык духту жана пантүркисттик илдетти таратууга пайдаланыла башталгандыгын көрөбүз.

XIX кылымдын орто чендеринде эле Ч. Валиханов менен В. Радловдун жазып калтырып кеткен варианттарында эч кандай пантүркисттик моти-вировка жок экендигине караганда, бул реакциячыл идеологияга эпос XIX кылымдын аяк ченинен тартып чалдыга баштагандыгында эч кандай шек жок.

Бул сыяктуу ири идеялык катмарлар менен катар, жомокчулардын байкабастыгы натыйжасында пайда болгон айрым майда катмарлар да эпостон орун алган. Бул өзгөрүштөр эпосто аталып жүргөн элдердин, жерлердин, кээ бир экинчи даражадагы каармандардын аттарына, жоо-жарактардын, кийим-кечектердин аталышына ж. б. байланыштуу. Ар бир доордун жомокчулары мурунку кылымдарда эле жомокто эскерилип жүргөн, бирок кийин унутулуп калган же унутулуп бараткан түшүнүктөрдү (аттарды, аталыштарды) өз доорунун түшүнүгүнө байланыштырган же өз кезиндеги термин сөздөр (түшүнүктөр) менен алмаштырган. Байыркы  кыргыздар менен ар түрлүү мамиледе болгон көк түрктөр, байыркы уйгурлар, кара кытайлар, монголдор, ойроттор ж. б. бара-бара унуткарылып, кийинки жоолор (манжуу, калмактар) көп айтылган. Байыркы кытайлардын (кидандардын) аттары кийинки кытайларга, мурунку чиндерге ("чинмачин" деген термин да эпостун азыркы варианттарынын кээ бирөөлөрүнөн  учурайт) өткөн. Ошол сыяктуу эле, жомоктогу "Темир кан" Кара кан деген сөздөр тарыхтагы Каракан,Темир кандарга байланыштырылып, Манас – кандын күйөөсү, Каныкей кандын кызы болуп көрсөтүлөт; монгол тилинен келген "эр жигит, баатыр" маанилүү "конкор" деген байыркы сөз кийинки фарс тилинин таасири менен пайда болгон "канкор" деген терминге айлантылып, "кан ичкич" деген мааниде түшүндүрүлүп калат. Өз кезинде кара кытайлардын борбору – байыркы Бейтин (анын тарыхтагы дагы бир аты – Бешбалык) шаарына болгон чоң казат, бул шаардын аты кийинки тарыхта өчүп калганына жана "чин" деген сөздүн мааниси "кытай" деген мааниге өтүшүнө байланыштуу, кийиики кытай мамлекетинин борбору – Пекин {кытайча Бэйцзин) шаарына жасалды делип түшүндүрүлөт. Мындан башка да, байыркы жебе менен катар кийинки эле бешатар, замбирек сыяктуу куралдар, Коңурбайдын колунун башка жерге оошкондугун телефон аркылуу билгизүү (Шапактын вариантында), илимде кийин эле белгилүү болгон "мамонт" деген опсуз чоң жаныбарга (Сагымбайдын вариантында) окшогон "жаңылыктар" аз киргизилген эмес. Бул өңдөнгөн модернизация оозеки чыгарманын жашаш процессине жат эместиги өзүнөн өзү түшүнүктүү.

 

 

© Copyright 2004-2017. Кыргызский эпос "Манас". Все права защищены.